Биз менен байланышыңыз

Кара-Сууда мыйзамсыз берилип кеткен жер мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 17 Янв 2023 | 187 | 0

Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүндөгү 38 гектар жер мамлекеттин эсебине кайтарылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин президенттин өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен өкүлдүн биринчи орун басары Данияр Жаныкуловдун жетекчилигинде комиссия түзүлүп, Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүндөгү 38 гектар жер аянтын кандай жагдайда жеке тарапка өтүп кеткенин жеринде текшеришкен.

«Жыйынтыгында аталган айыл чарба багытындагы жер аянтты 1991-жылдан бери жеке тарап иштетип келгени аныкталган. Бирок 31 жыл аралыгында жер үчүн төлөнүүчү төлөмдөрүн төлөгөн эмес. Ошондой эле жерге тиешелүү документтер да жасалганы жана мыйзамсыз экени аныкталган.

Бүгүнкү күндө комиссиянын жана тиешелүү кызматтардын чечими менен 38 гектар айыл чарба багытындагы жер аянты Жоош айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, мындан ары аталган жер аянты жергиликтүү тургундардын айыл чарба багытында иштетүүсү үчүн берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM