Биз менен байланышыңыз

Эки миңге жакын адамга Кыргызстандын жарандыгы берилди

Кыска кабар | 17 Янв 2023 | 258 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Алардын ичинен беш жарлык Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө 1920 адам (1479 — чоңдор жана 441 — балдар), алардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Ошондой эле, бир жарлык Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу боюнча 205 адам (анын ичинен 187 — чоңдор, 18 — балдар).

Бардыгы болуп 2125 адамдан (1666 — чоңдор жана 459 — балдар) арыз түшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM