Биз менен байланышыңыз

Непалда учак кулап, ондогон адам мерт болду

Кыска кабар | 15 Янв 2023 | 324 | 0

Непалда Котманду шаарынан Покхару шаарына көздөй Yeti Airlines авиакомпаниясына караштуу ATR-72 жүргүнчү ташыган учак кулап, ондогон адам мерт болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Yeti Airlines авиакомпаниясынын маалыматы боюнча, учакта 68 жаран жана 4 экипаж мүчөсү болгон. Алардын арасында 15 чет өлкөлүк жаран: индиялыктар — 5, орусиялыктар — 4, түштүк кореялыктар — 2 жана Ирландия, Аргентина, Австралия, Франциянын бирден жараны болгон. Калган 53 жүргүнчү жергиликтүү жарандар экени айтылды.

Учактын кыйрашынын себептери азырынча тактала элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM