Непалда Котманду шаарынан Покхару шаарына көздөй Yeti Airlines авиакомпаниясына караштуу ATR-72 жүргүнчү ташыган учак кулап, ондогон адам мерт болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Yeti Airlines авиакомпаниясынын маалыматы боюнча, учакта 68 жаран жана 4 экипаж мүчөсү болгон. Алардын арасында 15 чет өлкөлүк жаран: индиялыктар — 5, орусиялыктар — 4, түштүк кореялыктар — 2 жана Ирландия, Аргентина, Австралия, Франциянын бирден жараны болгон. Калган 53 жүргүнчү жергиликтүү жарандар экени айтылды.
Учактын кыйрашынын себептери азырынча тактала элек.