Эртең, 16-январда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Ош облустарында түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8;
Талас облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -6…-11;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;
Нарында түнкүсүн -25…-30, күндүз -10…-15;
Бишкек шаарында кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -16…-18, күндүз -3…-5 градус болот.