Биз менен байланышыңыз

Ош: Адам өлтүрүүгө шектелгендердин дагы бири кармалды (видео)

Кыска кабар | 15 Янв 2023 | 1645 | 0

Күч кызматкерлери Ош шаарындагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген Курстанбек Шакир уулун кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Шакир уулу буга чейин адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн. Ал Бишкек шаарында кармалды.

Буга чейин жогоруда аталган кылмышка шектүү 5 жарандын бири Өзгөн районунан, эки жаран из жашырып, чет өлкөгө чыгып кетүү учурунда кармалган. Дагы бир шектүү Актилек Абдивали уулун издөө иштери уланууда.

13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө кишинин сөөгү табылып, аны белгисиз адамдардын тобу сабап өлтүргөндүгү аныкталган. Андан сырткары ошол эле түнү 1995-жылы туулган дагы бир жаран оор абалда бычактан жаракат алып ооруканага түшкөн.

Аталган факт боюнча адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, аны уюштурууга кримтөбөл Кадыр Досонов кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM