Биз менен байланышыңыз

Түмөнбай Колдошов маданият жана искусство университетине ректор болду

Кыска кабар | 13 Янв 2023 | 262 | 0

Түмөнбай Колдошов Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов кол койду.

2022-жылдын 13-декабрында Б. Бейшеналиева атындагы университеттин ректорунун кызмат ордуна сынак жарыялаган. Анын жыйынтыгында жогорку баллды Түмөнбай Колдошов алган.

Маданият жана искусство университетинин буга чейинки ректору Мамашарип Чотонов 8-декабрда оорудан улам көз жумган.

Обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошов 2022-жылы сентябрынан бери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп иштеди.

Ага чейин Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайынын директору кызматын аркалап келген, ошондой эле ОшМУда агартууучу катары эмгектенген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM