Connect with us

Өлкө аймагында жарандар үчүн жылынуучу пункттар уюштурулду (даректер)

Кыска кабар | 12 Янв 2023 | 190 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында жарандар үчүн жылынуучу пункттарды уюштурду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстанда 10-13-январда абанын температурасы кескин төмөндөгөндүктөн, материалдык чыгымдарга учуратпоо, энергетикалык тутумдардын үзгүлтүксүз иштөөсүн, автоунаа жолдорунда коопсуз каттамды камсыздоо, жайыттарда малдарды чыгымсыз кармоо максатында Жарандык коргонуу башчысынын орун басары – өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев тиешелүү тармактарга ыкчам чара көрүүнү тапшырды.

Мындан улам автоунаа жолдорунда каттамдар жабылганда, чектөөлөр киргизилгенде жүргүнчүлөргө кам көрүү максатында Бишкек-Ош автоунаа жолунда Арал, Сосновка постторунда, Өтмөк ашуусуна жакын жайгашкан Талас районунун Осмонкул айыл аймагында жана Бишкек – Токмок автоунаа жолунун боюнда Кант шаарында ӨКМдин аймактык башкармалыктары менен биргеликте жергиликтүү бийилик тарабынан жылынуучу, тамактануучу пункттар уюштурулду.

Ал эми калк көп жашаган Бишкек, Ош шаарларында муктаж жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар жергиликтүү бийилик тарабынан уюштурулган. Тактап айтканда, Ош шаарында бир пункт, Бишкек шаарында 4 пункт иштеп жатат.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын Свердлов районунда 3, Ленин районунда 3, Биринчи май районунда 1 жана Октябрь районунда 2 чатыр тигилип, жылынуучу пункттар уюштурулууда.

Бишкекте жылытуу жайлары төмөнкү даректер боюнча орнотулду:

Биринчи май району:

Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде.

Октябрь району:

№5 кичи районунда Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1/1 үйдүн жанында;

№12 кичи районундагы Маданият үйүнүн жанында;

Тунгуч кичи районундагы Глобус супермаркетинин жанында.

Ленин району:

«Октябрь» кинотеатрынын жанында;

«Манас» кинотеатрынын жанында;

Чүй, 315 дарегинде жайгашкан Ленин райондук акимчилигинин түштүк-батыш жагында.

Свердлов району:

Восток-5 кичи районундагы «Мини арбат» аялдамасында;

Красный строитель конушундагы Бельск көчөсүндө (№4 автобустун акыркы аялдамасы);

Чыгыш автовокзалынын ичинде жана «Дордой» базарындагы «Азия» ТЭЦинде.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM