Өлкө синоптиктеринин божомолунда, 12-январда абанын температурасы төмөндөйт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -14…-19;
Талас облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -13…-18;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -9…-14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -8…-13;
Нарын облусунда түнкүсүн -26…-31, күндүз -17…-22;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -20…-22, күндүз -14…-16 градус болот.
Тоо этектеринде түнкүсүн -22…-27°, күндүз -15…-20°;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -23…-28°,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -23…-28° суук болушу күтүлөт.
Мындай аномалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.