Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда ун арзандап, жумуртка кымбаттады

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2023 | 676 | 0

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматына караганда, Тажикстандын базарларында ундун баасы өткөн жумага салыштырмалуу үч пайызга төмөндөдү. Баанын арзандашына чет өлкөлөрдөн импорттун көбөйгөнү себеп болгону айтылды.

Бүгүнкү күндө Тажикстан базарларында биринчи сорттогу бир кап ун 280-320 сомониден (28-32 доллар) сатылууда.

Эң көп сатылган азык-түлүк товарларынын бааларындагы өзгөрүүлөрдү чагылдырган Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун индекси БУУнун сайтына 8-январда жарыяланган. Анда Тажикстандагы бааларды аныктоо үчүн өлкөнүн сегиз базарындагы маалыматтар топтолгону белгиленген.

Индекске ылайык, өткөн жумадан бери Тажикстанда өсүмдүк майы менен кумшекердин баасы дээрлик өзгөргөн эмес. Ошол эле маалда жумуртканын орточо баасы бир апта ичинде 2% жогорулаган. Бул бир ай мурдагы бааларга салыштырмалуу 1% аз болсо, өткөн жылдагы орточо баага салыштырганда 33% көп.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM