Биз менен байланышыңыз

БУУ Иранды өлүм жазасын колдонуу тажрыйбасын токтотууга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2023 | 284 | 0

Бириккен улуттар уюму Иранды нааразылык акцияларга катышкандарды өлүм жазасына тартуу тажрыйбасын токтотууга дагы бир жолу чакырды. Борбор Азия жаңылыктар кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, БУУнун Жогорку комиссарынын адам укуктары боюнча башкармалыгы Ирандагы нааразылыктар учурунда кармалган Мохаммад Гобадлу менен Мохаммад Боруганинин дарга асылары тууралуу кабарларга тынчсыздануусун билдирди.

Аларды өлүм жазасына тартуу өкүмү жакынкы күндөрү ишке ашырылары айтылууда. БУУ өз кайрылуусунда Ирандын бийлигин мындай тажрыйбаны тез арада токтотууга чакырды.

БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик өлүм жазасы адамдын жашоого болгон укугуна түп-тамырынан бери каршы келерин билдирди.

«Биз өлүм жазасынын колдонулушуна каршыбыз. БУУнун адам укуктары боюнча башкармалыгындагы кесиптештерибиз сыяктуу эле биз да Ирандын бийлигин дарга асууларды токтотууга чакырабыз», – деди ал.

Дүйшөмбү күнү Германиянын канцлери Олаф Шольц иран бийлиги өлүм жазасын «репрессиялардын куралы катары колдонуп жатканын» айтып, Тегеранды акция катышуучуларын дарга асуу тажрыйбасын тез арада токтотууга чакырды. Мындан тышкары ал Тегеранды өкмөткө каршы акциялар учурунда негизсиз кармалгандардын баарын токтоосуз бошотууга үндөдү.

Канаданын бийлиги да Ирандагы дарга асуу көрүнүштөрүн айыптап, адам укуктарын бузганы үчүн бул өлкөнүн эки жаранын жана үч юридикалык жакты санкциялык тизмесине киргизди.

«Фарда» радиосунун маалыматына караганда, учурда Германия баштаган Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр иран бийлигинин өз элине карата агрессивдүү мамилесинен улам Тегеранга каршы төрт пакеттен турган санкцияларды кабыл алуу жана аны ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Ирандын бийлиги алгачкы өлүм жазасын өкмөткө каршы акциялардын катышуучусу Мохсен Шекариге карата өткөн жылы ноябрдын ортосунда чыгарган. Ал бычак менен коопсуздук кызматынын офицерине кол салууга жана Тегерандын көчөлөрүн тосууга күнөөлүү деп табылып, дарга асылган.

2022-жылдын 12-декабрында нааразылык акцияларына катышкан 23 жаштагы Мажид Реза Рахнавардга карата чыккан өлүм жазасы ишке ашырылып, ал Мешхед шаарында элдин көзүнчө дарга асылган. Ага нааразылыктарды токтотууга катышып жаткан ыктыярчы отряддын эки мүчөсүн өлтүргөндөн кийин «Кудайга каршы согуш жүргүзүү» айыбы тагылган.

Иранда жапырт нааразылык акциялар 2022-жылы 16-сентябрда башталган. Ага 22 жаштагы студент кыз Махса Амининин адеп-ахлак полициясы кармап кеткенден кийинки өлүмү себеп болгон. Акция катышуучулары кыздын өлүмүнө полиция кызматкерлерин айыптап жатышат.

Нааразылыктар башталгандан бери өлкөдө 40тан ашык журналист камакка алынды. Эркиндикте жүргөн ЖМК өкүлдөрү телефондору тыңшалып, аңдуулар болуп жатканына даттанууда. Сентябрдан бери 500дөй киши, анын ичинде 62 бала каза таап, миңдеген демонстрант кармалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM