Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга күйүүчү майды мыйзамсыз алып киргендер аныкталды

Кыска кабар | 9 Янв 2023 | 288 | 0

УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу майларды милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду.

7-январда Талас районунун Кара-Ой айылында 1977-ж.т. Н.А.А. аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы мамлекеттик номери 08 KG 874 AAN “ДАФ” үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Текшерүү учурунда тиешелүү документтери жана цистернанын капкактарында контролдук пломбалары жок 36 тонна (баасы 3 млн сомдон ашык) күйүүчү-майлоочу майлар бар экени аныкталган.

Учурда күйүүчү-майлоочу майлардын келип чыгышынын бардык жагдайларын изилдөө, ошондой эле милдеттүү салыктыкты төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM