Биз менен байланышыңыз

«Токтогул» ГЭСинде 10,7 млрд куб метр суу бар

Кыска кабар | 9 Янв 2023 | 260 | 0

Бүгүн, 9-январга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 768,32 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Учурда суунун агып келиши секундасына 166 куб метрди түзөт, агып чыккан суунун көлөмү 566 куб метрге жетүүдө.

Октябрга карата Токтогулда 13 млрд 629 млн куб метр суу бар болчу.

7-январда энергетика министри Таалайбек Ибраев кышкысын керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилеп, энергетиктерди авариялык өчүрүүлөргө жол бербөө максатында бардык чараларды көрүп, ыкчам иш алып барууга чакырган.

9-11-январь аралыгында өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт жана буга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM