Биз менен байланышыңыз

Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Кыска кабар | 29 Дек 2022 | 585 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда ар кыл чөйрөнүн ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземин мамлекеттик телеканалдардан түз алып берилүүдө.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы, ошондой эле кесиптик жетишкендиктери үчүн II жана  III даражадагы «Манас» ордени менен, «Курманжан Датка», «Даңк» ордени жана медалы менен сыйлынып, «эл артисти», «эл жазуучусу», «эл акыны» жана башка наамдар ыйгарылды.

Жарлыкка ылайык, II даражадагы «Манас» ордени менен режиссер Геннадий Базаров, илимпоз Владимир Плоских сыйланды.

Жогорку Кеңештеги «Ишеним» фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова «Даңк» ордени менен сыйланып, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматовага «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер» наамы ыйгарылды.

Ал эми «Даңк» ордени диктор Чынара Капарова, президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев баш болгон ишмерлерге ыйгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM