Биз менен байланышыңыз

Өз ишин жогору баалаган өкмөттүн жыйыны

Саясат , Экономика | 28 Дек 2022 | 920 | 0

Министрлер кабинетинин жыл жыйынтыгын чыгарып, алдыдагы жылга карата маанилүү иштерди пландоо жыйынына президент Садыр Жапаров төрагалык кылды. Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган минитсрлер отчет берди.

Өкмөттүн жылдык отчетунда өлкө башчы Садыр Жапаров дүйнө бүгүнкү күндө тарыхый өнүгүүнүн татаал этабын башынан кечирип жатканын, ага карабай Кыргызстан натыйжалуу жетишкендиктерди багындырганын айтты.

“Бүгүнкү күндө дүйнө өзүнүн тарыхый өнүгүүсүнүн татаал этабын баштан кечирүүдөю Глобалдык өзгөрүүлөрдүн фазасына кирүүдөбүз. Батыштан чыгышка карай цивилизациялык бурулуш жүрүп жатат. Экономикалык тартылуу борбору Азия континентине жылууда. Ал эми жыл ичинде ар кандай чакырыктар жана сыноолорго карабастан мамлекетибиз натыйжалуу ийгиликтерге жетише алды деп айталам”, — деди президент.

Садыр Жапаров өлкө жыл ичинде экономикалык жактан өнүккөнүн, социалдык камсыздандыруу жакшырганын айтып, билим берүү тармагы боюнча кыскача буларга токтолду:

“Бул тармакта олуттуу өзгөрүүлөр башталды. Билим берүүнүн стандарттары кайрадан каралып чыкты. Мектеп директорлорун ротациялоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, ондогон жылдар бою бир орунда отурган бир топ директорлор алмашты. Кошумча каржы булактары табылып, мугалимдердин эмгек акылары сезилерлик деңгээлде көтөрүлдү. Бул алардын шыктануусуна, жигердүү иштешине дем-күч болуп, чоң түрткү берди. Замандын талабына жараша, мамлекет илим тармагын өнүктүрүү үчүн жаныча билим берүү ыкмаларын иштеп чыгуу процессине өзгөчө көңүл бура баштады”, — деди Жапаров.

Ал эми минитсрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өз баяндамасында өкмөттүн жана өзүнүн ишин жогору баалады.

“Саясатчы эч качан мактануу үчүн иштебейт. Бирок президент Садыр Нуркожоевич башында турган минитсрлер кабинети 2022-жылы жаман иштеген жок. Мен муну 1992-жылдан бери саясатка аралашып келаткан тажрыйбама таянып айтып жатам, 3 жолу парламентте болуп, өкмөттөрдүн отчетун алып жүрдүк сындап. Өкмөттө болсо жөнөкөй кызматкерден биринчи вице-премьерге чейин иштеп жүрүп, өзүмдүн калыс айта турган сөзүм ушул. 1.5-2 жылдын ичинде Кыргызстанда сыймыктануу менен айта турган жана көрсөтө турган жумуштар аткарылды”, — деди өкмөт башчы.

Акылбек Жапаров акыркы эки жылда бюджетти эки эсе көбөйтө алганын, кийинки жылы 503 млрд сомго жете турганын билдирди.

«Бүгүн эрте менен президент Садыр Нуркожоевичке доклад бердим, буйруса болжолдуу түрдө жылды 434,8 млрд сом менен жаба турган болуп жатабыз. Биз эки жылда бюджетти эки эсе көтөрдүк. Садыр Нуркожоевич бийликке келгенде болгон консолидацияланган бюджеттин көлөмү 247 млрд сом болсо, эмдиги жылы биз 503 млрд сомду алабыз деп жатабыз», — деди Жапаров.

Садыр Жапаров жыйын учурунда Каржы минитсринин орун басары Руслан Татиковду трибунага чакырып, анын парламенттеги туура эмес жооп бергенин сындады.

 «Урматтуу Садыр Нурожоевич, бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты суроо берген, мен суроону Жогорку Кеңеш иштеп баштагандан бери деп, туура эмес түшүнүп алгам. Ошондо, 1992-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин деп ошол сумманы айткам», — деди Татиков.

Жыйындын жүрүшүндө жылдын мыкты айыл өкмөтү сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Анда сынактын жеңүүчүлөрү эки топко бөлүнүп, биринчисине жетүүгө кыйын болгон бийик тоолуу аймактар, экинчи топко биринчи топко кирбеген айыл өкмөттөр тандалган.

Сынактын жаплы байге фонду 6 млн сомду түзүп, 3-орунга 500 миң сом, 2-орунга 1 млн, 1-орунга 1,5 млн сом ыйгарылды.

Ага ылайык, биринчи топтон биринчи орунду Баткен облусун Баткен районундагы Ак-Сай айыл өкмөтү алса, экин топтон Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү баш байгени алды.

Жыйындын аягында Садыр Жапаров министрликтер менен 2023-жылы аткарылышы керек болгон маанилүү иштерди талкуулап, быйыл начар иштеген жетекчилер кийинки жылы өкмөттүн командасында болбой турганын эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM