Биз менен байланышыңыз

«Чык эшикке 2». Садыр Жапаров министрдин орун басарын зекиди

Кыска кабар | 28 Дек 2022 | 989 | 0

Президент Садыр Жапаров өкмөттүн 28-декабрдагы отчеттук жыйынында Финансы министринин орун басары Руслан Татиковду зекиди.

Өлкө башчынын айтымында, парламенттин жыйынында депутаттардын тышкы карыз боюнча суроосуна Татиков так эмес жооп берген. Ал Кыргызстандын жалпы карызы канча деген суроого 11 млрд АКШ долларын түзөт деп айткан.

«Каржы министринин орун басары барбы? Келчи микрофонго. Мендеги маалыматтар боюнча 15 жылдан бери министрликте иштейсиз. Өткөндө Жогорку Кеңешке бардыңыз, депутаттар суроо берип жатат, «акыркы эки жылда сырттан канча карыз алдыңар» десе, сиз 7 млрд доллар деп жатасыз. «Жалпы канча карызыбыз бар» десе сиз 11 млрд доллар деп жатасыз. Кайдан алдыңыз бул санды?!», — деди президент.

Министрдин орун басары парламент жыйынында депутаттын суроосун түшүнбөй калганын, бул сумма 90-жылдан берки көрсөткүч экенин айтып, тактады.

Садыр Жапаров ага тышкы карыз боюнча суроону тактаган соң гана жооп берүү керектигин айтты.

«Сиз туура эмес түшүнүп калсаңыз, чапаныңызды чечип алабы? Кайра тактап сурабайсызбы, кайсы жылдан беркини сурап жатасыз деп. Мындай жооптон кийин депутаттын күнү тууду да, «мына көрдүңөрбү, сырттан карыз алып келип, бизге айлык, пенсия, пособиени көтөрүп жатат» деп. Же эмне карапайым калкты дүрбөлөңгө салыш үчүн атайын сүйлөшүп жасап жатасыңарбы? Сен 15 жылдан бери министрликте иштесең, жөнөкөй кызматкерден орун басарлыкка чейин жетсең, сени түнкү саат 3тө ойготуп туруп сураса да ар бир цифраны жатка билип, айтып беришиң керек», — деди өлкө башчы.

Руслан Татиков 2022-жылга карата Кыргызстандын тышкы карызы 4,2 млрд доллар экенин маалымдап, жыл сайын аны кыскартуу аракети болорун айтты.

Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынына президент Садыр Жапаров да катышууда. Анда өкмөттүн 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, 2023-жылга иш планы каралууда.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков өткөн жумада мас абалында унаа башкарганы үчүн айыпка жыгылган.

Copyright © 2017 Maral FM