Биз менен байланышыңыз

Оң рулдуу унааларга уруксат берилеби?

Коом | 23 Дек 2022 | 1088 | 0

Бишкек шаарындагы Горький багында оң рулдуу унааларды алып кирүүгө уруксат берүү талабы менен митинг өттү. Жарандык активисттер Кыргызстандагы машиналардын көпчүлүгү эскиргенин, ага байланыштуу оң рулдуу машиналарга уруксат берип, жаңылоо керектигин айтып жатышат.

Жапандан чыккан унааларды алып кирүү кооптуубу? ИИМ буга кандай жооп берет?

Кыргызстанда акыркы айларда оң рулдуу унааларды өлкөгө алып кирүүгө уруксат берүү талабы күчөдү. Буга өлкөдөгү автоунаалардын баасынын кымбатташы себеп болуп жатканы айтылат.

Бүгүн да ушундай талап менен жүздөгөн адам акцияга чыгып, бийликке үнүн жеткирүүгө аракет кылды.

Жарандык активист Эртай Искаков оң рулдуу унааларга уруксат берүүнү колдогон жарандардан 66 миңден ашык кол топтолгонун айтты, жакында президентке кат жолдонот.

“Онлайн кол топтоо жүрүп жатат. Бул эл массалык түрдө колдоп жаткандыгы көрсөтүү үчүн. Азыр 66 миң 400 болуп калды, буйруса 100 миңге жеткиребиз. Ошондой эле биз коомдук бирикме ачканбыз, атайын оң рулдуу унааларды Кыргызстанга алып келүү боюнча. “ЗаЯпошки” коомдук бирикмесинин эң биринчи, негизги долбоорубуз унааларды Жапандан түзмө-түз алып кирүү. Азыр көрүп жатасыздар, катализатору жок деп айып пул салабыз деп жатышат. Кыргызстанга мурда келип калган машиналар эскирди, а келип жаткан машиналардын же документи же башкасы туура эмес болуп жатат. Маселенин баары ушунда”, — дейт Исаков.

Ал эми коомдук ишмер Сейтек Качкынбай президентке бир тараптуу гана маалымат берилип, ИИМ оң рулдуу унаалар жол кырсыгына көп кабылган статистиканы көрсөтүп жаткан деген пикирде. Ал жол кырсыгына эмне үчүн оң рулдуу унаалар кабылганынын себебин мындайча түшүндүрдү:

“Таксилер көбүнчө оң рулдуу Хонда Одиссей менен Хонда Степ деген унааларды колдонот да. Бузулбайт, тетиги толтура, ыңгайлуу, бат жүрөт жана бензин аз кетет. Элдин баары ошолорго отурат, кырсыктар эсептелгенде бир гана таксилер эсептелип калып жатат. Жөнөкөй машиналар деле кырсыктап жатпайбы, оң рулдуу унаалар да жөн эле барып бир нерсени сүзүнүп жатат. Мисалы, 60 машина жолдо кетип бараткан болсо, анын 45-50сү оң рулдуу. Эгер кырсык болсо, 45-50нүн ага тиешеси болуп калуу ыктымалдуулугу оң рулдууга караганда чоңураак”, — деп түшүндүрдү Качкынбай.

Акциянын катышуучулардын арасында эгер мыйзам өзгөртүлүп, оң рулдуу унааларга уруксат берилсе, унааны жаңы сатып алгысы келгендер, чет мамлекеттик номурлуу унаа айдап жүргөн оң рул сүйүүчүлөр бар.

Алардын бири Армениянын номуру менен унаасын айдап жүргөнүн, документ жагынан кыйынчылыктар көп болорун айтат.

“Мен жаңы унаа сатып алмакмын. Азыркы машинам армениялык номурда жүрөт. Көчөдөн МАИ кызматкерлери тосуп алып, майда-барат нерселерге деле суроо жаратып тура беришет. Мисалы, коопсуздук курун тагынбай баратып токтотсо, “машинаны айып токтотуучу жайга алып барабыз” дешет. Ал жакка баргандан кийин чыгарыш бир азап экен”, — дейт митингдин катышуучусу.

Бул маселе жыл башынан бери парламентте да көтөрүлүп, депутаттар оң рулдуу унааларга уруксат берүү керектигин билдирип, бул жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүшкөн.

Жогорку Кеңештеги “Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салуу менен кырсыктар кыскарганы байкалбаганын, статистикалар башка маалыматтарды көрсөтүп жатканын айтат.

Депутат оң рулдуу машиналарга уруксат берген мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралып, четке кагылганын маалымдады. Бирок өзү башка мыйзам долбоорун даярдап, кайра комитетке киргизүүгө аракет кылып жатканын билдирди. Ага ылайык, сол рулдуу унааларга алдыдагы унааны ашып өтүүдө каршы тилкени көрүү үчүн камера орнотуу милдеттенмеси каралат.

“Биз жазган мыйзам азыр каралуу алдында турат. Бирок тилекке каршы толук түрдө өкмөт менен тил табыша албай жатабыз. Азыр алар менен макулдашпасаң вето кирип калат. Андан көрө макулдашып иш кылсаң бир жыйынтык чыгат. Эгер “на ура” деп эле кетип калсак аягына чыкпай калабыз. Жөн эле дүрбөлөңгө салып, үч окуудан өттү дегенибиз менен вето коюлуп калса туура эмес болуп калат. Ошондуктан биз туура эмес иштерге баргандан көрө азыр толук иштеп чыгалы деп турабыз”, — деп билдирди Маматалиев.

Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы оң рулдуу унаалар жол кырсыгына көп кабыларын статистика менен билдирип, аны өлкөгө алып келүүгө каршы чыгып келет.

Мекеменин маалымат кызматынын жетекчиси Байгазы Айтикул уулу биринчи кезекте оң рулдуу унаалар Кыргызстанда кабыл алынган жол эрежесине ылайык келбестигин айтууда.

“Биринчиден, муну анализ менен караш керек. Талдоолор көрсөтүп тургандай, Кыргызстандагы катталган өтө оор кесепеттер менен коштолгон жол унаа кысрыктарынын 60%ын оң рулдуу автоунаалар түзөт. Алар Кыргызстандык транспорттук кыймылына туура келбейт. Экинчиден, оң рулдуу автоунаа жолдо баратып алдыдагы машинаны озуп өтүүдө, маневр жасоодо унаа жарым-жартылай каршы тилкеге чыгып, алдыны караганга туура келет. Бул башкаларга ыңгайсыздык жаратат”, — деп түшүндүрдү.

Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салган мыйзам 2015-жылы кабыл алынган.

Анда ИИМ жолдогу коопсуздукту жогорулатуу деген негиз менен аталган мыйзам долбоорун демилгелеп, каршылыктарга карабай Жогорку Кеңеште кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM