Биз менен байланышыңыз

Чыр менен коштолгон шайлоо. Соода-өнөр жай палатасына Темир Сариев төрага болду

Экономика | 19 Дек 2022 | 1097 | 0

Соода-өнөр жай палатасында 19-декабрда шайлоо өтүп, Темир Сариев көпчүлүктүн добушу менен жеңип алды. Палатанын төрагалыгына талапкерлигин койгон үч талапкердин бирөөсү добуш берүүгө чейин өзүнүн талапкерлигин кайтарып алса, бирөөсү жыйындан чыгып кетти.

Добуш берүүгө келген мүчөлөр алгач талапкерлердин программасы менен таанышып, андан соң суроолоруна жооп алышты.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев программасы менен тааныштыргандан кийин чыккан талапкер Авазбек Керимбаев өзүнүн талапкерлигин кайтарып алганын жарыялады.

“Оң жагымды карасам, эң тажрыйбалуу, аты-даңкы бар, депутат, министр, премьер-министр болгон Темир Аргенбаевич отурат. Сол жагымды карасам Кыргызстандагы эң алдыңкы ишкерлердин бири болгон, миллиондогон доллар инвестицияларды алып келген, реалдуу экономикага чоң салымын кошуп жаткан ишкер Жодар Разакович отурат. Ошол себептен мен өз талапкерлигимди өз каалоом менен алып жатам”, — деди Керимбаев.

Бирок Керимбаевдин бул чечимине INTEGRA Engineering Group компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси Жодар Сайдилкан таарынычын билдирип, президиумдун алып барган ишин сынга алды. Ал уставда “бир мүчө – бир добуш” деген эреже бар экенин, добуш берүүгө укуктуу делген 1200 палата мүчөсүнүн ичинен 121и гана укук алып жатканына нааразычылыгын билдирди.

“1200 мүчө болсо, эмнеге 128 киши гана бул жердебиз? Мурунку шайлоодо пандемия деп, 10 киши бир делегат тандамай болуп чечилди эле. Кудайга шүгүр азыр пандемияны дагы өткөрдүк. Эмнеге 1200дөн жок дегенде активдүү 500үн бул жерге топтой албадык жана алар уставга ылайык добуш бере албады?”, — деди Сайдилкан.

Президиумдун төрагасы Кубанычбек Касымалиев бул Соода-өнөр жай палатасынын кеңешинин чечими экенин, ага ылайык 10 мүчө бир делегат шайлап добуш берилери менен түшүндүрдү.

Касымалиев эрежеге ылайык, бир же эки талапкер болсо, добуш берүү ачык түрдө өтөрүн билдирди.

Бирок Жодар Сайдилкан ага макул болгон жок. Ал палата али жаңы көз караштагы ойлорго, креативдүү жаңыланууга даяр эместигин айтып, жыйындан чыгып кетти.

“Мына Марат мырза (ред. – Шаршекеев)  кетип жатканы менен Соода-өнөр жай палатсында эски система иштеп жатат дегенди көрсөтөт. Ошондуктан мен Кыргызстанда мындай палата али жаңы пикирлерге, жаңы ойлорго, жаңы канга али даяр эмес экен деген ойго келдим. Ошондуктан мен бул жердеги кандидатка, Темир Аргенбаевич, жеке өзүңүзгө сыйыбыз бар. Бирок бул жерде сизге ийиглик гана каалайм”, — деп жыйындан чыгып кетти.

Сайдилкандан чыгып кеткенден кийин анын талапкерлиги суроо жаратты. Айрымдар ал талапкерлигин кайтарып алганын айтышып, бирок төрага ага макул болбой, добуш берүүгө койду.

Ачык добуш берүүдө катышкан делегаттардын 99у Темир Сариевге, 16сы Жодар Сайдилканга добуш берип, 6 делегат добуш берүүгө катышкан жок.

Сариев өзүнүн шайланышы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип, алдыда кыла турган иштер тууралуу буларга токтолду:

“Бизнес өнүгөт, эгерде ыңгайлуу шарт түзүлүп, мыйзамдар туруктуу болсо. Жана атааңдаштыкка бирдей шарт түзүлүп берсе. Биз ишимди ушул багытта баштайбыз: биринчиден, өнөр жай палатасынын аброюн көтөрүп, салмагын көбөйтөбүз. Экинчиден, бизнес менен чогуу иштеп, алардын көйгөйлөрүн топтоп, аларды коргоп турабыз. Үчүнчүсү, бийлик органдары менен бизнесте болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издейбиз”, — деди Сариев.

Ал эми жыйынга катышкан Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосунда буга чейин диалог болбой келгенин айтып, мындан ары биргеликте иш алып барууну жандантарын айтты.

“Ишкерлердин баарын бир жерге топтоп, уюштурушубуз керек. Алар аркылуу мамлекет менен болгон диалогду түзүш керек. Бүгүнкү күнү мамлекет айрым функцияларын, каттоо, уруксат берүү документтерин соода-өнөр жайга өткөрүп берүүгө толугу менен даяр. Анткени палатанын алдында өзүнүн бюджети болушу керек. Кызмат көрсөтүүдөн түшүп турган акчасы ошол жакта топтолуп, реформа жасай турган аппарат болушу зарыл. Ошондуктан Экономика жана коммерция министрлиги Соода-өнөр жай палатасы менен түздөн-түз диалог түзүшү керек. Канча жылдан бери бул диалог жок”, — деди министр.

Соода-өнөр жай палатасынын милдети ишкерлерди бир аянтчага топтоп, ишкерлерди жөнгө салуу. Аларга ар түрдүү кызмат көрсөтүп, алардын атынан бийликке талап кое алат.

Палатанын мурдагы башчысы Марат Шаршекеев ноябрдын аягында кызматтан кеткен. Ал бул кызматта 2010-жылдан бери иштеп келди.

Темир Сариев 59 жашта. Ал убактылуу өкмөттүн төрага орун басары, Каржы министри болгон. «Ак-Шумкар» саясий партиясынын төрагасы. 2015-жылдын 2-майынан 2016-жылдын 11-апрелине чейин премьер-министри болуп иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM