Биз менен байланышыңыз

Жаңы мыйзам долбоор: Таксилер патент менен иштеп, оң рулдууга тыюу салынат

Коом | 16 Дек 2022 | 682 | 0

Такси кызматында эмгектенген жарандарды лицензия алууга милдеттендирген мыйзам долбоору ИИМ тарабынан демилгеленип, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде биринчи окуудан өттү. Буга коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Айрымдар оң рулдуу унааларга кошуп лицензия берүү керек десе, кээ бирлери лицензия алууну милдеттендирүү коррупцияны күчөтөт дейт.

Бул мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чара көрүү жарлыгынын негизинде көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу максатында иштелип чыкты. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов комитет жыйынында билдиргендей, буга жеңил такси айдоочуларынын көп жол кырсыгына көбүрөөк кабылышы түрткү болгонун айтат. ИИМ мындай чечим менен такси айдоочуларын көзөмөлдөөнү максат кылат.

“Лицензия берүү ИИМге берилген, биз мунун тартипке киргизүү максатында киргизип жатабыз. Себеби жеңил такси менен жүргүнчү ташыган жарандарыбыз көп учурда жол кырсыгына учурап келет. Ошону ирээттеп, тартипке келтирүү жолун сунуштап жатабыз” – дейт Урманбетов.

ИИМдин маалыматына караганда, такси айдоочуларына бир жылдык лицензиянын баасы 500 сомду түзсө, такси фирмаларына 1000 сом болот.

Андан сырткары, талапка ылайык айдоочунун шоопурлук тажрыйбасы 3 жылдан кем болбошу керек. Алар техникалык кароодон өтүп, камсыздандыруу жана патент үчүн төлөмдөрдү аткарышы зарыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов бул мыйзам долбооруна ичи чыкпай турганын, мында коррупцияга жол ачылып калышы ыктымалдуулугун айтты.

“Лицензия боюнча кечээ мыйзамды алып киргенде бир топ эле каршылыгымды көрсөттүм. Анткени Кыргызстанда жеке машинеси менен тиричилигин өткөзүп, үй-бүлөсүн баккандар абдан көп. Жеке таксисттер үчүн бул коррупциянын чордонундай эле. Биринчиден коррупцияга жол ачылып калышы мүмкүн деп жатам. Экинчиден, алардын баарын жеке фирмалардын карамагына киргизип жаткандай сезилип жатат мага. Болгон сунушумду айттым, эми ошону өзгөртүп, кийинки окууда алып келет. Ошол жерде өзгөрүү кирдиби, кирген жокпу көрөбүз», — деди эл өкүлү.

Эгер мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен колдоо тапса, өлкө аймагында оң рулдуу унааларга такси кызматында иштөөсүнө уруксат берилбейт. Анткени лицензия бир гана сол рулдуу унааларга берилет.

Бишкек шаарында такси кызматында иштеген Жыргалбек бул мыйзам долбооруна оң рулдуу унааларга да лицензия бере тургандай кылып өзгөртүү киргизүү керек деп эсептейт. Ал такси кылуу менен үй бүлөсүн багып келатканын жүйө келтирет.

“Негизи бере турган болсо, баарына бирдей бериши керек. Оң рул, сол рул деп бөлбөй. Бизде оң рулдуу таксилер көп. Биз бул менен үй-бүлөбүздү багып жатабыз да”, — дейт Жыргалбек.

Шаарда башка такси айдоочулары да ушундай пикирин билдирип, дегеле лицензиялоо мыйзамына такыр каршы экенин айтты.

Бишкек шаарындагы “Би Такси” фирмасынын коммерциялык бөлүмүнүн жетекчиси Сардарбек Майрыков, бул мыйзамда такси айдоочуларынын жана такси фирмаларынын кызыкчылыгы каралбай калганы суроо жаратып жатканын айтты:

“Эл аралык практикадан биз билгендей, лицензиянын максаты – бул аныкталган чөйрөнү иреттөө. Бирок бул мыйзам долбоору боюнча бир нече суроолор бар. Биринчиден, процедурасы жана лицензия берүүдөгү кадамдар аныкталган эмес. Бул өзгөчө жумуш деп эсептейбиз. Анткени, бул жерде негизги болгон айдоочулардын кызыкчылыктары толук кандуу эске алынышы керек”, — дейт Майрыков.

Ал эми “Жорго Такси” команиясынын жетекчиси Алтынбек Каримов бул мыйзам долбоорун колдой турганын, документ өз учурунда айдоочуларды иретке келтирүүдө пайдалуу болорун айтат.

Бирок айдоочулардын талаптары каралып, мыйзам толукталышы керек.

“Бул мыйзамды туура деп карайбыз, эгер айдоочулардын да талаптары каралса. Лицензияны жөн эле бир тараптуу кылып чечип коюу – элдин нааразычылыгына алып келиши мүмкүн. Ошондуктан биз ИИМ кызматкерлери менен чогуу иш алып баруудабыз бул лицензияны киргизүү эрежелери боюнча. Эми азыр биринчи окуудан өттү. Дагы экинчи, үчүнчү окуудан өтүп, президенттин алдына баргыча дагы каралышы керек. Бардык тарап ыраазы болгудай болушу зарыл. Негизи бул лицензия керек бизге. Анткени такси сапаты бизде төмөндөп кетти. Ошону жакшыртыш үчүн жана айдоочулар өз ишин так аткарышы үчүн бул бизге керек”, — деди Каримов.

Такси кызматын милдеттүү түрдө лицензиялоо жөнүндө мыйзам долбоору 13-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин биринчи кароосунан өткөн.

Эгер бул мыйзам долбоору комитет тарабынан жактырылса, жалпы жыйында талкууга коюлуп, үч окуудан өтөт. Андан соң аталган мыйзам долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM