Биз менен байланышыңыз

Экспорттолгон алтындын эки башка статистикасы

Экономика | 14 Дек 2022 | 1038 | 0

Улуттук статистика комитеттин маалыматында быйыл 9 айда 70 киллограм алтын камтыган концентрант экспортко чыкканы айтылган. Бирок чет өлкөлөрдүн статистикасында көрсөтүлгөн маалыматтар Кыргызстандыкынан бир канча көптү көрсөтүп турат.

Улуттук статистика комитети көрсөтүп жаткан көлөмдөгү концентрант күмөн ойлорду жаратат.

Анда өлкө Түркия мамлекетине 64,44 киллограм, Бириккен Араб Эмирлигине 5 киллограм салмакта концентрант экспорттолгону көрсөтүлгөн.

Жергиликтүү басылмалар Швейцариянын улуттук статистикасына таянып, бул өлкө Кыргызстандан 2022-жылдын бир эле кварталында 138 киллограм концентрант сатып алганын, бул расмий маалыматтан 2 эсе көп экенин жазып чыгышты.

Андан сырткары, Кыргызстан ири көлөмдө Түркияга 68 киллограм, жана Таиландга 38 киллограм сатканы көрсөтүлгөн.

Саясат талдоочу Марс Сариев өлкө алтынды экспорттогону боюнча сыр сактаганы дурус деген пикирде. Ал стратегиялык мааниге ээ алтын кимге жана канча көлөмдө сатылганы ачык айтылбашы керек деп эсептейт.

“Чын эле бул стратегиялык маалымат. Туура эле жашыруун болуп жатат. Ал эми башка мамлекеттер айта беришет, сатып алганы ал мамлекеттер үчүн стратегиялык мааниде таасирин тийгизбейт, ошондуктан алар айтып жатышат, “бул мамлекеттен мынча килограмм, тигинден мынча килограмм алдык” деп. Албетте муну көзөмөлдөп турушубуз керек. Бирок Садыр Жапаров бир грамм алтын чыккан жок деп ант бергендей айткан. Мен президентке ишенем”, — дейт талдоочу Сариев.

Бирок экономист Нурбек Муктар алтындын сатылып жатканы ачык-айкын болушу керек деген ойдо. Ал бийликтин жабык чечимдери жана бир-бирине дал келбеген сандар күдүк ойлорду жаратып, ишеним алып келбей турганын айтат.

“Бул стратегиялык маанидеги сыр эмес. Алтын кайсы күнү, саат канчада, кайсыл жерден чыгып кеткени тууралуу маалымат – бул сыр. Анткени, ага кол салуу болушу мүмкүн, көздөлгөн жерине жетпей калышы мүмкүн. Ал эми мамлекет канча тонна алтын, кайсыл жакка, канча сомго сатып жатканы сыр эмес. Анткени бул Жапаровдун жеке өзүнүн алтыны эмес, элдин байлыгы. Ошондуктан бул нерсе элге ачык-айкын болушу керек. Негизи бийликке ишенбей деле калдык. Себеби калп аябай көп болуп жатат, тилекке каршы. Сөздөрү бири-бирине дал келбей, цифралары эки башка болуп жатат”, — дейт Муктар.

Экономикалык маселелерди талдаган эксперттер эл аралык соода сатыкта көп учурда Кыргызстан менен алака кылган өлкөнүн маалыматтарында айырмачылык чыгып каларын айтышат. Алар мындай кырдаалда көбүрөөк ачык-айкындуу, демократиялуу өлкөнүн маалыматына ишенерин айтышат.

Кыргызстан “Кумтөр Голд” компаниясын өз колуна алгандан кийин алтын маселеси коомчулуктун көңүл чордонунда болуп келет.

2021-жылдын маалыматы боюнча, Кыргызстан четке 19 тоннадан ашык алтын экспорттогон. Бирок бул маалымат тууралуу бийлик так жообун бере элек.

Буга чейин Кыргызстан канча алтынды, кайсы мамлекетке сатып жатканы тууралуу ачык жарыялап келгенине карабай, президент Садыр Жапаров журналисттерге берген маегинде алтын кайсы өлкөгө, канча акчага сатылганы тууралуу маалымат сыр катары сакталарын айткан.

Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия да түзулгөн. Бирок эки айдан ашык убакыттан бери комиссия ишин баштабай келет. Өткөн аптада өндүрүлгөн алтынды иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиянын курамы кайрадан каралып, жаңы түзүлмөй болгон.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев жогоруда айтылган суроолорго комиссия өз ишин аяктагандан кийин гана чекит коюларын айтат.

“Биз комиссия түзүп, анын башчысы болуп мен шайлангам. Бирок жүйөлүү себептерге байланыштуу мен төрагалыктан баш тарттым. Бирок мүчө болуп калдым. Ошол комиссия ишти баштасын, мамлекеттик оргнадардан жоопторду алалы. Анан биз кайсы жерде эмнени байкадык, эмнени таптык, эмне дал келет, эмне дал келбейт, айтып бере алабыз. Президент айтты, жашыра турган эч нерсе жок деп. Бирок өзү сүйлөгөндө кыйла адашып жатат: бир туруп, 30 тонна дейт, бир туруп 40 тонна дейт. Ошол эле учурда 20 тоннаны башка жакка саттык дейт. Суроолор көп айтор”, — деп билдирди Масалиев.

Президент Садыр Жапаров 25-ноябрда өткөн элдик Курултайда Улуттук банкта 40 тонна алтын сакталып турганын билдирген. Бирок талдоочулар андан күмөн санап келишет.

Кыргызстан эң көп алтын өндүргөн “Кумтөр” кенинен 2021-жылы 14,5 тонна алтын өндүргөн. Быйылкы жылдын алгачкы тогуз айында 12 тоннадан ашык баалуу металлды казып алган.

Copyright © 2017 Maral FM