Connect with us

Өлкөнүн энергосистемасында резерв жок. Өкмөт элди энергияны үнөмдөөгө чакырды

Коом , Экономика | 12 Дек 2022 | 1089 | 0

Энергетика тармагынын жетекчилери маалымат жыйын куруп, күз-кыш жылытуу мезгили план боюнча өткөрлүп жатканын билдиришти. Анткен менен, алар энергосистемада резерв жоктугун айтып, электр энергиясын колдонуучуларга эң көп коротулган кечки сааттарда жарыкты үнөмдөп колдонууга чакырууда.

Электр энергиясын кантип үнөмдүү пайдалануу керек, өчүрүүлөр болбойбу?

Социалдык тармактарда өлкөнүн аймактарында күн сайын электр энергиясы өчүп жатканын айтып, даттангандар көбөйүүдө. Бирок райсмийлер электр энергиясынын тартыштыгы азырынча байкала электигин жана убактылуу өчүрүү чечими кабыл алынбаганын айтууда.

Улуттук энергохолдинг компаниясынын жетекчиси Талайбек Байгазиевдин маалыматында, учурда гидроэлектрстанциялары өз ордунда иштеп, негизги Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12,1 млрд куб метрди түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 1,4 млрдка көп сакталып турат.

Ал эми электр энергиясын колдонуу лимити былтыркы жылдын ушул мезгилине алганда, суткасына 55 млн кВт болсо, быйыл 70 млн кВтка жетет.

Талайбек Байгазиев жарандарды кечки максимум убакытта элдектр энергиясын үнөмдөп, кошумча электр шаймандарын колдонбоого чакырды.

“Кечки максимумда 3350 мВтка чейин жеттик. Коңшу Өзбекстан жана Казакстанда суукка байланыштуу максимум учурдагы колдонулган энергия эң көп көрсөткүчкө жетип, чектөөлөрдү киргизүүдө. Биздин энгергетиктер азырынча бир да кВт чектөө киргизе элек. Майда-чүйдө авариялык өчүрүүлөр болуп атат. Анын себеби, кечинде көп коротулгандыктан эски жабдуулар иштен чыккан учурлар катталды. Биз 3350 мВт кубаттуулукту колдонгондуктан резервде эч нерсе жок болуп жатат. Бишкек ЖЭБин тездетип, от жагып, кубатуулугун көбөйтөлү десек, экологияга зыян. Ошондуктан, биздин кардарлардан суранып кетет элек, кечки максимумдарда кошумча электржабдууларды, ысыткыч, кондицонер сыяктууларды кечки 18:00дөн 21:00гө чейин өчүрүп, андан кийин түнкүсүн же күндүз иштете берсе болот. Ошону менен бизге жардам кылса”, — деди Байгазиев маалымат жыйында.

Ал энергосистемада резервдик кубатуулук болсо, оңдоп-түзөө иштеринде, авариялык учурларда кыйынчылык жаралбай турганын кошумчалады.

Социалдык тармактарда өлкөнүн ар кайсы аймагында маал-маалы менен электр тогу өчүрүлүп жатканын айтып, нааразы болгондор көп. Бирок “Улуттук электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директору Алтынбек Рысбеков бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтат.

Ал авариялык учурларды эске алабаганда эч кандай чектөө же өчүрүүлөр жок экенине ишендирди.

“Жалпы республика боюнча бүгүнкү күндө керектөөнү чектөө боюнча эч кандай иш-чаралар жүргүзүлгөн жок. Бул боюнча бардык жетекчилерге так, даана тапшырмалар берилген, аны биз көзөмөлгө алып турабыз. Бирок техника деген техника, жер-жерлерде авариялык өчүрүүлөр болуп жатат. Учурдан пайдаланып суранып кетем, ушундай өчүрүүлөрдү бурмалоого болгон аракеттерди колдон келишинче токтотсок. Биз болушунча туура маалыматты жеткиргенге аракет кылып жатабыз. Эң негизгиси – чектөө деген эч кандай маселе жок, муну мен жетекчи катары кепилдик берип айта алам”, — деп билдирди Рысбеков.

Буга чейин Токтогул ГЭСинде авариялык абал жаралып, биринчи агрегат иштен чыккандыгы тууралуу маалымат тараган. Кийинчерээк министрлик маалыматты төгүндөп, баары калыбында экенин билдирген. Жайында ГЭСтин 2-агрегаты 11-ноябрдан баштап ишке кирсе, 4-агрегат 30-ноябрдан баштап электр энергиясын өндүрө баштаган. Буга чейин бир агрегат 300 МВт электр энергиясын өндүрсө, реконструкциядан кийин орточо кубаттуулугу 340 МВтты түзөт.

Ал эми Бишкек жылуулук электр борбору 350 МВт өндүрөт. Анда азырынча көмүрдүн көлөмү 114 миң тоннаны түзөт. Станция кыш ичи 1 миллион 50 миң тонна көмүр сарптайт.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Марат Орозбаев бүгүнкү күнгө чейин калкты көмүр менен камсыздоо тапшырмасы болгонун, андан кийин Бишкек ЖЭБине керектүү көлөм ташыла турганын билдирди.

“”Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Кара-Кече кенинин борбордук тилкесинде 24 сааттык режимде иш алып барып жатат. Биз 24 саат бою жүктөп жатабыз. Кенде жүктөгөнгө даяр ачык көмүрдүн көлөмү 200 миң тоннадан кем эмес. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы күз-кыш мезгилине толугу менен даяр. Бүгүнкү күнү Бишкек шаары 90-95% көмүр менен камсыздалып, учурда базаларда керектүү көлөмдө көмүр бар. Аймактарда бюджеттик мекемелер 90-95% камсыздалды. Биздин жетекчиликтин тапшырмасы менен алгач калкты камсыздап, кийин ЖЭБге ташыйбыз. Бүгүн-эртең ЖЭБге өткөнү турабыз”, — деп билдирди Орозбаев.

Акыркы күндөрү Бишкек шаары дүйнөнүн эң булганыч шаарларынын сап башында турат. Буга айрымдар конуштарда жагылган көмүр жана башка заттарды айыптаса, кээ бирлери Бишкек ЖЭБинен чыккан түтүн чыпкасыз чыгарын айтып келишет.

Буга “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жетекчи орун басары Алмаз Кушубаков жооп берип, ЖЭБ 10%га чейин зыянын тийгизерин айтат. Ал жыл сайын кыш мезгилинде калааны каптаган түтүн акыркы жылдары көбөйгөн конуштардан тутанарын билдирди.

ЖЭБде электрчыпкасы, баары штаттык режимде иштейт. Жакында БУУнун программасынын негизинде «Бишкектеги абанын сапаты» деген баалоо жүргөн. Бул жерде Бишкек ЖЭБинин таасири PM-2.5 жана PM-10 деген көрсөткүчтө 1%дан кем деп маалымат берип жатат көз карандысыз эксперттер. Биз буга ишенебиз. Ага деле карабай биз 1-12% деп жатабыз. ЖЭБдин түтүнгө анчалык чоң залалы бар дегенден алыспыз”

Кыргызстандыктар жыл сайын 3 миллион тоннадан ашык көмүр керектейт. «Кыргызкөмүр» ишканасынын берген маалыматы боюнча, 1 миллион 250 миң тонна калкты, 1 миллион 50 миң ЖЭБди жана 250 миң мамлекеттик мекемелерди көмүр менен камсыз кылууга керектелет.

Кыргызстан ушул тапта суткасына 70 млн кВт керектейт. Анын үчтөн экисин өзү өндүрсө, калганы коңшу өлкөлөрдөн импорттолот.

Copyright © 2017 Maral FM