Биз менен байланышыңыз

«ВИЧ статусумду кайын журтум акыры туура түшүнүп, азыр жардам бере баштады»

Ден соолук , Коом | 2 Дек 2022 | 1820 | 0

1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү. Республикалык СПИД борборунун маалыматына караганда, соңку үч жылда ВИЧти жыныстык жол менен жугузуп алгандардын саны көбөйдү. 2022-жылдын 10 айында 819 жаңы учур катталса, анын 710у жыныстык катнаш учурунда жуккан. ВИЧ статусун алып жүргөндөрдүн 62,9% эркектер. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 12 039 кишиден ВИЧ/СПИД аныкталган. Алардын 11 344ү Кыргызстандын жараны, анын ичинде оорусу СПИДге өткөн 1231 адам каттоодо турат. Алдыда кабарчыбыз Азамат Убраимов беш жылдан бери ВИЧ менен күрөшүп келе жаткан Жамал аттуу каармандын жашоо- турмушун баяндап берет.

 Өзүн Жамал деп тааныштырган каарманым 36 жашта. Азыркы учурда Бишкек шаарындагы батирлердин бирин ижарага алып күн кечирип келүүдө. Ал мындан беш жыл мурда ВИЧти жуктуруп алган. Жамал үчүн ВИЧти кантип, кайдан жугузуп алганы бүгүнкү күнгө чейин табышмак бойдон калууда. Күндөрдүн биринде анын жолдошу кокусунан каттуу ооруп ооруканага түшүп калган. Дарыгерлер алгач жолдошун туберкулез экенин айтып, кийин 4-даражадагы СПИД дарты бар экенин аныкташкан. Арадан 6 ай өткөндөн кийин жолдошу каза болот. Дарыгерлер Жамалды балдары менен ооруканага чакырып, анализ алгандан кийин Жамалда жана кенже уулунан ВИЧ аныкталган. Жамал ошол күндү азыркыга чейин унута албаганын айтат. Аны учурда жашоодогу медер тутканы – балдары.

«Бул илдетти жуктуруп алган абалым азыркыга чейин көз алдымда. Анткени, жашагым келген эмес өлгүм келген. Айылда чоң канал бар болчу ошол каналга өлгүм келип далай жолу барганмын. Бирок, балдарымды ойлоп, мен өлүп калсам алар эмне болот деген ой болду. Балдарым бул жашоодо мага үмүт берет. Ошол каналга эч кимге айтпай эле барган элем, кулагыма балдарымдын “Апа, биз кантебиз, апа!” деген үндөрү кулагыма угулгансып, мени өлүмдөн көп жолу кайтарды.

Жамалда ВИЧ бар экенин кайын журту уккандан кийин алардын ага болгон мамилеси өзгөрүп Жамалды 2 баласы менен өзүнчө үйгө бөлүп коюшкан. Жамал эки баласын уй саап, сүт сатып жан багат. Анда бул илдет бар экенин уккан кардарларда анын сүтүн алуудан баш тартат. Балдары менен эч ким ойнобой айылга батпай калдым деген Жамал колунда бир баштык кийим, чөнтөгүндө 600 сом акчасы менен Бишкек шаарына келе берген.

«Балдарым менен балдар ойнобой калды. Мындайча айтканда, мен айылга батпай калдым. Эки баламды алып шаарга келдим. Ал убакытта шаарды билбейт элем, 600 сом акча менен келгем. Бир таксист байке ошол “Кызыл жарым ай коомуна” алып келди. Ал жерден мага психологиялык жардам беришип, СПИД борборуна алып барышты. Ошондон бери ушул ВИЧ менен жашап келе жатам. Ал учурдагы абалым аябай жаман болчу. Жакшы адамдар көп экен. Алар мага моралдык жана материалдык жактан жардам беришти. Ошолорду көрүп мен кайра жаңы төрөлгөндөй болуп жашап калдым».

Эки жыл мурда Жамалдын ВИЧ статусу бар баласы чарчап калган. Эне үчүн эң чоң кайгы баласын жоготуу экенин айтып, көзүнө жаш алды.

«Жакшы жашоом көпкө узаган жок. ВИЧ статусу бар балам мындан эки жыл мурда чарчап калды. Балам билбейт болчу, акыркы убакытта “Апа, мен эмнеге дары иче берем. Ичким келбейт” дечү. Мен ага балам сен күчтүү болушуң үчүн ичишиң керек, бул сага витамин деп берчү элем. Балам ал оорусуну укканга даяр эмес болчу, менда айта албайт элем. Балам каза болгондо ачык айтканда аны жерге берүүгө абалым жок эле. Мечиттеги молдолорго кайрылдым, алар Бишкектин тегерек четиндеги бейиттердин бирине жерге берүүгө көмөктөшмөй болду. Бирок мен баламды атасынын жанына жерге берүүнү каалап, айылга алып барып атасынын жанына жерге бердик. Мен кайын журтум кайра дагы мени күнөөлөйт ко деп коркком. Тескерисинче мени колдоп, мени түшүнүшүп, келип кечирим сурашып, азыр бираз да болсо жардам берип турушат.   

Коомчулукта бул илдетти түшүнбөгөн, маалыматы жок адамдардын көптүгү өкүндүрөт. Анткени мындан бир канча жыл мурда Жамал турмуштун оор сыноосунан улам ачыкка чыгып, ар кимден ар кандай кептерди угуп, а түгул телефон чалуулар болуп өлтүрүп кетем деп коркуткандар да болгонун айтат.

Жаңы көчүп барган батирим маршурутканын акыркы токтоочу аялдамасы тарапта эле. Кээ бир жардам берген кишилер жардам бергенде маршрутка менен алып келип калышчу. Кайдан укканын билбейм. Бир маршруткага чыксам айдоочусу: “Акчаны мага колкап менен бер, билесиңда эмне ооруу экенин” дегенде, маршруткадагылардын баары мени карап калышты. Эмне кылаарымды билбей, ыйлап түшүп кеткем. Ошентип  айтканы бүгүнкү күнгө чейин жүрөгүмдө. Ал киши түшүнбөйт, акча деген кагаз, оорууну эмне менен жугарын да билбейт.  Кодулап “Сени өлтүрүп кетебиз. ВИЧ деген канчанчы жылдары пайда болгон чума ооруусу. сен ошол оорууну бизге алып келип жатасың, коомчулукка жайып жатасың” деп айткандар болгон.

Жамал бул илдет менен күрөшүп жүрүп күчтүү, эрктүү, алга умтулган аял болгонун айтат. Жамал азыркы учурда кайын журту менен жакшы мамиледе. Алар бул илдетти түшүнгөндөн кийин келип кечирим сурап, жардам берип келишүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM