Биз менен байланышыңыз

Жамгырчиевдин кармалышы депутаттык кол тийбестик маселесин козгоду

Саясат | 28 Ноя 2022 | 783 | 0

27-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Жамгырчиев жана Чыңгыз Айдардеков Ак-Жол өткөрмө бекетинен кармалганын дагы бир депутат Элвира Сурабалдиева айтып чыкты. Кийинчерээк УКМК Айдарбеков кармалбаганын, Жамгырчиев гана кармалып, кайра кое берилгенин билдирди. Акыркы күндөрү айрым депутаттарга жасалган мамиле сынга кабылып жатат.

УКМКнын төрагасы өткөн аптада айрым депутаттарга оор кылмыш иштери козголорун эскерткен. Мындай аракеттер парламентаризмге доо кетиреби?

Өткөн жуманын соңунда Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Жамгырчиев жана Чыңгыз Айдарбековдун кармалганы айтылып, талкууга түштү.

УКМКнын Чек ара кызматы “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди өткөрмө бекеттен токтотуп, аны УКМКнын кызматкерлери келип, алып кеткени белгилүү болду. Ал сурак берип чыккандан кийин кайра кое берилгенин депутат Элвира Сурабалдиева социалдык баракчасында билдирди.

Бул окуя депутаттын кол тийбестиги тууралуу маселени козгоп, бийликтин эл өкүлдөрүнө жасаган кысымы катары бааланды.

Буга чейин Элвира Сурабалдиева парламентте Кемпир-Абадка каршы добуш берген эл өкүлдөрүнө коркутуу болуп жатканын айткан.

Бирок атайын кызматтын башчысы муну четке кагып, депутаттарды өзүнүн кылмышын жашыруу үчүн трибунадан пайдаланбоого чакырып, айрым депутаттарга оор кылмыштар козголорун ачыктаган.

“Депутатмын деп, бул жерде трибунам бар деп туура эмес маалымат таратканды токтотуш керек. Биз эч кимге эч кандай мыйзамсыз мамиле кылбайбыз. Кылууга акыбыз дагы жок. Андан сырткары, дагы бир-эки урматтуу биздин депутаттарыбызга иштер бар. Муну дагы алдына ала айтып коеюн, эртең айтып чыкпагыла. Өтө оор кылмыштарга шектелип жаткан адамдар бар, араңыздарда отургандардан. Ал шектүүнү биз териштирип чыгышыбыз керек. Ал боюнча керектүү адамдар бизге өз арыздарын берди. Бул биздин милдетибиз”, — деп билдирген Ташиев.

Азырынча эл өкүлү Эмил Жамгырчиевге карата кандай кылмыш иши козголгону жана анын суракка алынгандыгы тууралуу УКМК расмий маалымат бере элек.

Юрист Нурбек Токтакунов депутаттын өлкөдөн сыртка чыгуусуна тыюу салынышы мыйзамсыз экенин айтты. Тыюу салуу үчүн алгач кылмыш иши козголушу керек.

Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутатына иш козгоо үчүн депутаттардын макулдугу зарыл.

“Тыюу салуу үчүн алгач кылмыш ишин козгоп, бөгөт чарасы катары өлкөдөн чыгууга тыюу салууга болот. А бул учурда анын кол тийбестигинен ажырата элек, андай учурда тыюу сала албайт. Жөн гана мындай тыюу салып коюу мурунтан эле мыйзамсыз практика болуп калбадыбы. Аны жөнөкөй жарандарга деле жөн эле колдоно берет”, — дейт Токтакунов.

УКМКнын мындай иш аракеттери мыйзамсыз экенин, бул депутаттык кол тийбестикке каршы келерин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо да билдирди.

Депутат Кемпир-Абад маселесинде каршы добуш бергендердин катарында өзүнө кысым болбогонун айтты. Самыйкожо бул маселени жалпы жыйында да көтөрөт.

“Мага кысым болгон жок. Бирок депутаттарды көрүнгөн жерден кармап, аларга кысым көрсөтүлгөнү мыйзам чегинде туура эмес болуп калат да. Бул мындай: бийликтин кысымы катары баалаганда кандай болуп калат? Мисалы, ар бир адам өзүнүн иши үчүн мыйзам чегинде жооп бериши керек. Ошол эле учурда депутаттын кол тийбестиги бар. Аларды тинтүүгө, жөн жай эле көчөдөн кармап, камап коюуга болбойт деген нерсе бар да бизде. Ошого келгенде бул мыйзамсыз иш аракеттер болуп калат”, — деди эл өкүлү.

Ал эми саясатчы Исмаил Исаков парламентарийлерге кысым авторитардык өлкөлөрдө гана болорун айтып, депутаттар сындаган сөзү үчүн же берген добушу үчүн юридикалык жоопкерчиликке тартылбай турганын айтат.

Аны менен бирге, айрым депутаттардын чын эле кылмыш иштерге тиешеси болушу мүмкүн деген оюн бөлүштү.

“Эми бул жерде ачык эле көрүнүп турбайбы?! Себеби депутаттар өзүнүн айткан сөзү үчүн, берген добушу үчүн жооп бербейт деген нормалар жазылып калган. Ошондуктан аларды айткан сөзү, берген добушу үчүн куугунтуктоо, иш козгоо – бул укуктук эмес гана мамлекеттерде болот. А чындыгында, азыркы депутаттардын кээ бирлеринде иштер бар экенин коомчулук жакшы билет. Өздөрү ошолордун баарын жашырып алып келишкен. Аны атайылап кармап турушкан да, “кийин биз айткандарды аткарбаса, биз мына иштерин ачабыз” деген пландары болгон”, — дейт саясатчы.

УКМКнын мындай аракеттерине парламент сөзсүз үн катышы керектигин жарандык активист Нурсултан Акылбек билдирди. Ал муну Кемпир-Абад маселесинде каршы добуш бергендерге карата кысымдын бир чети катары баалайт.

“Депутат Сурабалдиева айтпадыбы, “мени бир ай мурун текшерип, кайра бир айдан кийин текшерип атат” дегени, менин оюмча, ачык эле кысым да. Бул жерде “Кемпир-Абад боюнча каршы добуш бергендердин баарына кысым болуп жатат” деген сөзүнүн бир чети ачыктала баштагандай. Эки депутаттын Казакстанга чыгып баратканда тоскоолдукка дуушар болгонуна парламент сөзсүз түрдө тиешелүү структуралардан жооп алышы керек”, — деди Акылбек.

Депутаттар Айдарбеков менен Жамгырчиев азырынча үн ката элек.Фракция лидери Жанар Акаев кайрылуу жасап, Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу жыйындарга катыша албай турганын кабарлаганын билдирди.

Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясынын депутаттары Жанар Акаев, Чыңгыз Айдарбеков, Эмил Жамгырчиев, Нилуфар Алимжанова жана Азамат Исираилов коңшу Өзбекстан менен чек ара боюнча келишимдин мыйзам долбоорун ратификациялоодо каршы добуш берген.

Бул маселеде каршы турган депутаттарга кысым болуп жатканын депутат Эльвира Сурабалдиевадан башка, Өмүрбек Бакиров да айтып чыккан. Ал жыйындар залында атайын кызматтын башчысы менен айтыша кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM