Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Темировдун өлкөдөн чыгарылышы тууралуу эмне дейт?

Саясат | 24 Ноя 2022 | 675 | 0

Иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарылышы боюнча депутаттардын пикирлери ар кандай болууда. Эл өкүлү Шаирбек Ташиев депутат соттун чечимине баа бере албастыгын айтса,  “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун айтымында  журналисттин өлкөдөн чыгырылышы бул кылмыш, мыйзамды одоно бузгандык.

Жоргорку кеңештин депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун айтымында  журналисттин өлкөдөн чыгырылышы бул кылмыш, мыйзамды одоно бузгандык.

«Мыйзам күндө бузулуп жатат. Бирок аны көзөмөлдөй турган орган Жогорку Кеңеш болчу. Өзүңөр көрүп жатасыңар. Кыргыз жараны кайсы жерде жашай турганын өзү тандайт. Аны көз карашы үчүн кодулоо бул баш мыйзамга каршы келет. Бул кылмыш. Азыр Кыргызстанга Конституциянын деле кереги жок болуп калды. Бийликке жаксаң болду». 

Ал эми “Мекенчил” депутаттык тобунун өкүлү Шайырбек Ташиев сот өкүм чыгарса, демек, кандайдыр бир мыйзамга таянууда деп эсептейт. Шайырбек Ташиев эл өкүлү соттун чечимине баа бере албастыгын билдирди.

«Болот Темировдун маселесине сот чечим чыгаргандан кийин, биз депутаттар комментарий бербейбиз. Алар деле кандайдыр бир мыйзамга таянды да. Ал эми айрым кесиптештерибиз мыйзамсыз деп жатат. Кантип сот чыгарган чечим мыйзамсыз болсун?».

“Ыйман Нуру” фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбековдун айтымында  сот адилеттүү болгон өлкөдө жарандар ишенимдүү жашайт. Иликтөөчүнү өлкөдөн тез убакытта чыгаруунун ордуна кайра кароого берилсе туура болмок деген ойдо.

«Соттун өкүмүнө өтө өкүнүү менен баа бердим. Анткени сот адилеттүү болсо, өлкөгө инвестиция келет. Жарандар да сот мени коргойт деп ишенип жашайт. Бул чечимден кийин мен да ойлонуп калдым. Жок дегенде сот чечими чыккандан кийин аппеляциялык арыз жазуусуна мүмкүнчүлүк бериши керек болчу».

Депутат Шайлообек Атазовдун айтымында, Кыргызстанда соттун өкүмү дайыма эле адилеттүү боло бербейт. Ошондой эле демократиялуу өлкөдө жашагандыктан чын-төгүнү далилденген маалматтарды чыгарган журналисттер эч кандай кысымга алынбайт деп эсептейт.

«Темиров Лайв деген берүүсүнөн улам тааныйм. Бүгүнкү күндө органдар кандай чечим чыгарса да, жоопкерчиликти өздөрүнө алышы керек. Соттун чечими ар бир учурда эле адилеттүү болот деген өзү туура эмес. Мамлекетте тополоң уюштуруу ниети болгон деген кептер айтылды. Эми аны укук коргоо органдары далилдеп бериши керек. А негизи сөз эркиндигин айткан журналисттерибиз, укук коргоочуларыбыз аргументтүү, так маалыматтарды айтса, аларды эч ким кысымга албайт. Кыргызстан демократиялүү мамлекет». 

Сузак шайлоо округунан бир мандаттуу тандоо менен келген депутат Тазабек Икрамов сот чечимин саясий куугунтук деп баалайт.

«Бул өтө өкүнүчтүү болду. Соттун чечими чыккандан кийин, жок дегенде бир аз убакыт берип, бала-чакасы менен коштошууга уруксат бериши керек эле. Мыйзам бузуу жеткен чегине жетти. Кыргыз, кыргыз паспорту бар жаранга мындай мамиле кылуу — ачыктан ачык эле саясий куугунтук».

Даярдаган Зымырат Эркинбекова

Copyright © 2017 Maral FM