Биз менен байланышыңыз

Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылганы боюнча депутаттык топ түзүлдү

Кыска кабар | 24 Ноя 2022 | 312 | 0

Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгаруу маселеси боюнча депутаттык топ түзүлдү.

Курамына төмөнкүлөр кирет: Чынгыз Ажыбаев, Алишер Козуев, Талант Мамытов, Эмил Жамгырчиев, Айсара Абдибаева, Динара Ашимова, Гуля Кожокулова, Ырысбек Атажанов.

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу келишимдер жактырылган. Ага 19 депутат каршы добуш берген. Бул жыйында талкуу маалында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев айтыша кеткен. Кийин Бакиров Жогорку Кеңештеги иш бөлмөсүнөн чыгарылган. Ага башка бөлмө берилери айтылган.

Эл өкүлдөрү кеситешине жасалган мындай мамилеге нааразылык билдирип, спикер Нурланбек Шакиевди депутаттардын укугун коргой албай жатканын сындашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM