Биз менен байланышыңыз

Иликтөөчү Болот Темиров өлкөдөн чыгарылды

Коом , Саясат | 23 Ноя 2022 | 1066 | 0

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин карады. Анда шаардык соттун 28-сентябрда чыгарган чечими прокуратуранын апплеяциялык даттануусунун негизинде каралды. Шаардык сот прокуратуранын даттануусун канааттандырып, журналистти өлкөдөн чыгаруу боюнча чечим кабыл алды. Журналистке карата мындай аракет коом тарабынан кескин сындалып жатат. Темировду 5-6 граждандык формадагы адамдар «Манас» аба майданына алып барып, бажы көзөмөлүнө алып кирип кеткен. Болжол боюнча журналист Бишкек-Москва каттамына отургузулушу мүмкүн.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров соттун чечими менен өлкөдөн чыгарыла турган болду. 23-ноябрда Бишкек шаардык соту журналисттин ишин карап, прокуратуранын даттануусун канааттандырды. Укук коргоо органдары журналистти сот залынан кармап кетишти.

28-сентябрда Свердлов райондук соту Болот Темировго карата козголгон кылмыш ишинин экөөсү боюнча актап, “жасалма документ колдонуу” беренеси боюнча козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскартылган чечим чыгарган.

Бирок прокуратура райондук соттун мындай чечимине канаттанбай, шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылган. Мамлекеттик айыптоочу аны документтерди мыйзамсыз колдонгондугу жана мыйзамсыз паспорт алгандыгын айтып, өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алууну өтүндү.

Бирок журналист өзү муну саясий буюртма экенин айтып келет. Ал козголгон кылмыш иштеринин баары журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейт.

Болот Темировдун адвокаты Баатыр Ботобеков шаардык соттун чечимине нааразылыгын билдирип, Жогорку сотко даттанарын билдирди.

“Жогорку сотко даттанабыз. Шаардык соттун чечими чыккандан баштап күчүнө киргендиктен, түшүнүгүм боюнча, кызматкерлер жогору жактын тапшырмасы менен дароо соттун чечимин аткарууга киришти. Биз соттук коллегиянын чечимин 3 жарым саат күтүп отурдук. Алар чыгып, айыпты угузгандан кийин, дароо кирип кетишти. Темиров алардан күч кызматкерлерине процедураны түшүндүрүүнү суранганына карабай, кирип кетишти. Азыр күч кызматкерлери аны кайсыл жакка алып кеткени таптакыр белгисиз”, — деди жактоочу.

Жалпысынан Болот Темировго карата Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо», 378-берене «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү», 379-берене «Документтерди жасалмалоо» боюнча иш козголгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов шаардык соттун чечимин саясий деп атады.

Эл өкүлү журналисттин соттолушу анын ишмердүүлүгүнө байланыштырып, муну сөз эркиндигин муунтуу катары сыпаттады.

“Болот Темировду билебиз, буга чейинки жана азыркы бийликти сындап, мыйзамсыз иштерди өзүнүн сайтынан, каналынан чыгарып келген. Мен муну саясий чечим болуп калды деп түшүнөм. Өлкөдөн чыгарып салуу чечими өтө туура эмес болуп калды. Жалпысынан, сөз эркиндиги бар, ар бир адам өз ой-пикирин, көз карашын ачык айта алат. Оюмча, Темиров катуу-катуу сындап, пикирин билдиргенине байланыштуу деп ойлойм”, — деди Икрамов.

Быйыл 22-январда күч органдары Болот Темировдун иштеген кеңсесин тинтүүгө алышып, андан кийин өзүн кармап кетишкен жана кеңседеги компьютерлерди алып кетишкен. Ага чейин журналисттер иштеген жерге кирип келген беткапчан кызматкерлер Болот Темировдун чөнтөгүнө баңгизатын салып коюшканы айтылган. Кийин журналисттин канынан эч кандай баңгизаты табылган эмес.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналистерге берген маалымат жыйынында журналист Болот Темировду куугунтуктоо ою жок экенин билдирген. Ал саясатта жүргөндөн бери 20 жылда бир да журналистти сотко бербегенин айткан.

Журналист Семетей Аманбеков соттун мындай чечими башка журналисттерге “эскертүү” белгиси болуп калганын айтты.

“Менин оюмча, бул соттун чечими мыйзамсыз. Анткени Болот Темиров Кыргызстандын жараны. Жаранды өлкөдөн кууп салуу бул эч кандай мыйзамга туура келбейт. Ооба, бул сөз эркиндигине, көз карандысыз медиаларга жана көз карандысыз журналисттерге түзмө-түз кысым. Бул коркутуу. «Мына ушундай иликтөөлөрдү чыгарсаңар, чындык деп күрөшсөңөр, сөз эркиндигин колдосоңор, баарыңарга ушундай күчүбүз жетет» деген бийликтен бизге ушундай «белги» берилип, ара тараптан бийлик басмырлап жатат”, — деди журналист.

Аманбеков бийликтин мындай кысымдарынан журналисттер коркпой турганын, сөз эркиндиги үчүн жана ачык-айкындуулук үчүн күрөшөрүн кошумчалады.

Ал эми адвокат Нурбек Токтакунов Кыргызстандын жаранын кайсы өлкөгө чыгарарын түшүнбөй турганын, бул нерсе мыйзамдарда жазылбаганын айтат.

“Жарандуулуктан ажыратуу таптакыр туура эмес. Ал деген ысымдай эле. Мисалы сиздин ысымыңыздан ажыратуу керек дегендей эле чечим. Жарандуулуктан ажыратуу деген Евразиялык биримдикке киргенден кийин чыккан, ошондой тенденция жүрүп жатат. Мен үчүн шумдуктуу чечим, каякка чыгарат эми?!”, — дейт Токтакунов.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди жана президент Садыр Жапаровдун журналист Темировду бирөөнүн аскердик билетин уурдап алып, ага өзүнүн сүрөтүн коюп алган деп айыптаган. Бирок Темиров 22-ноябрда “Садыр Жапаровдун жана Камчыбек Ташиевдин жалаасы аныкталды” деген материал жарыялады.

Журналист анда Жапаров жана Ташиевге карата арыз менен сотко кайрылганын, бирок сот арызды кабыл албаганын айтат:

“Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин документти жасалма деп айткандары жалаа экени билинди. Алардын айтканын төгүнгө чыгарууну талап кылууга мыйзамдуу укугум бар. Биз буга чейин арыз бердик. Бирок ал кабыл алынган жок. Мейли. Доо кабыл алынмайын биз аны кайра-кайра тапшыра беребиз. Биз эч кандай деле моралдык компенсация талап кылайбыз. Бирок Садыр Жапаров же Камчыбек Ташиевдин, кимиси болбосун, экөөнүн айткандары жалган-жалаа экенин моюнуна алуусун талап кылабыз”,

Болот Темиров буга чейин бийликти сындаган билдирүүлөрдү жасап, Камчыбек Ташиевдин жакындарына жана өзүнө байланыштуу журналисттик иликтөөлөрдү жасап келген.

Былтыр 18-апрелде Temirov LIVE каналында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерден утуп алганы тууралуу иликтөө жарыяланган. 20-апрелде Болот Темиров Бишкек шаардык милициясына сурак берип чыккан.

Ошондой эле быйыл 20-январда да ушул эле каналга «Эки күндө 37 миллион сом кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада видеомакала чыккан.

Андан көп өтпөй, 22-январда Болот Темиров жетектеген компаниянын кеңсеси тинтүүгө алынып, өзүн атайын операциянын негизинде кармап кетишкен.

Журналисттин кармалышы боюнча депутат, юристтер жана журналисттер социалдык тармакка пикирлерин билдирүүдө:

Copyright © 2017 Maral FM