Биз менен байланышыңыз

Майнинг-фермаларга электр тарифин 5,4 сомго көтөрүү каралууда

Саясат | 23 Ноя 2022 | 376 | 0

23-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Виртуалдык активдер жөнүндөгү» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды. Аталган мыйзам менен майнинг-ферма иштеткендерге электр энергиясынын тарифин 5 сомго чейин көтөрүү каралып жатат. Жыйында айрым депутаттар алардын иштөөсүнө каршы болушса, айрымдары колдоодо.

Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында «Виртуалдык активдер жөнүндөгү» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралып, колдоо тапты. Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов, мурда кабыл алынган мыйзам долбоорунда Энергетика министрлигинин пикири угулбай калганын эске салып, өзгөртүүлөргө ылайык, майнинг ишканалары үчүн электр энергиясына жаңы тарифтерди белгилөө каралып жаткандыгына токтолду.

«Ушул жылдын 28-январында мыйзам долбоору кабыл алыныптыр, бул мыйзамды иштеп чыгууда Экономика министрлиги, Энергетика министрлигинин ой-пикирин сураган эмес. Бул мыйзам менен 1,3 тариф коюлуп калган. Ал майнинг жана криптовалюталар үчүн арзан тариф болуп жатат. Бул беренени алып койсок, ошол замат 2 коэффициентке отуруп, 5 сом 4 тыйындан төгүп калышат. Бул мыйзам  бизден каралбай, өтүп кеткен». 

Майнинг-ферма криптовалюталарды (биткоин) чогултуу менен алектенет. Бул күчтүү видеокарталары бар компьютерлер жана атайын дата-борборлор аркылуу иштейт. Ал компьютерлер электр энергиясын өтө көп талап кылат.

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев майнинг фермаларын куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүү укугун жергиликтүү бийликке тапшыруу сунушун берди.

Анын баамында, мурда жерлерди берүү укугу жергиликтүү бийликте болсо, азыр Экология минстрлигине өткөрүү менен ишти татааалдаштырып жатышат.

Депутаттар Гуля Кожокулова жана Мейкинбек Абдалиевдер өлкөдөгү майнинг фермалардын санына кызыгышты. Алардын баамында, «Виртуалдык активдер жөнүндөгү» мыйзам ушул жылдын июль айынан бери иштеп баштаган. Бул мыйзамдын иштөөсү менен майнинг фермаларга электр энергиясы эң төмөн баада берилип, өлкө жоготууга учураган.

Бирок энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов мыйзам күчүнө кирген 5 ай ичинде майнинг компаниялар электр энергиясын арзан иштетүү менен өлкөгө канча зыян келгени боюнча жооп бере алган жок.

«Менде бул боюнча азыр маалымат жок экен».

Кыргызстанда криптовалюта менен иштөө боюнча Улуттук банктын эскертүүсү бар, бирок атайын мыйзам жок. Андыктан, майнинг-фермасын түзгөндөрдү кылмыштуу топ деп атоо туура эмес. Мирлан Жакыпов билдиргендей, өлкөдө мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-фермалардын иши толугу менен токтотулуп, чакан ГЭСтерди куруп иш алып барган фермаларга уруксат берилген. Ал эми Энергетика министрлигине катталган майнинг-фермалар жок.

Депутат Султанбай Айжигитов майнинг компаниялары экономикалык өнүгүүгө түздөн-түз тоскоолдук жаратарын белгилеп, алардын ишмердүүлүгүнө каршылыгын билдирди.

«Майнинг компанияларды иштетүү өнүгүүгө түздөн-түз тоскоолдук жаратат. Анткени биз пахта заводду свет менен камсыз кыла албай жатып, аларга уруксат бербешибиз керек. Бир майнинг-ферма бир күндө Бишкек шаарынын бир районунун бир жылдык керектөөсүн жеп коет. Мында йкомпаниялардын кимге, эмнеге кереги бар? Булар 5-6 эле кишинин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатышат. Бул экономикалык коопсуздук үчүн түздөн-түз терс таасирин берүүдө. Ошондуктан мен буларга тыюу салыш керек деп ойлойм».

Депутат Арсланбек Малиев криптовалюталардын келечеги бар экенин айтып, жогорку окуу жайларында бул багытта сабактар окутулушу керектигин белгиледи. Ал бул маселени чечүү үчүн электр энергиясын иштеп чыгуу жолдорун табууну керектигин белгиледи.

«Балким биз электр энергиясын иштеп чыгуу жолдорун карабай жаткандырбыз. Криптовалюта бул- элекир энергиясынын аркасынан чыгарылган продукция. Бул деле бүгүн бааланып сатылып жатат. Ошол эле Венесуэллада, Кытайда, Казакстанда өкмөт тарабынан колдоо алып жатат. Ошондуктан анын келечеги бар. Азыр көрүп жатасыңар доллар дагы кымбаттады, көп өлкөлөр андан баш тартууга барып жатат. Биз электр энергиясы тартыш болгондуктан эле жапкыла деп жатабыз». 

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды. Буга чейин Улуттук банк криптовалютаны колдонуу жогорку тобокелдик экенин айткан. Ошондой эле, сатып алуу-сатуу жана башка товар алмашууда криптовалютаны колдонбоону сунуш кылган.

Copyright © 2017 Maral FM