Connect with us

Конституциялык сот чек ара боюнча келишим долбооруна корутунду берилбегенинин себебин түшүндүрдү

Кыска кабар | 18 Ноя 2022 | 626 | 0

Конституциялык сот кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы тууралуу эки тараптуу келишимдин долбооруна корутунду берилбегенинин себебин түшүндүрдү.

Мекеме тараткан маалыматта айтылгандай, Конституциянын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, Конституциялык сот күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берет.

«Конституциялык сот өндүрүшү демилгечи эмес жана эл аралык келишимдердин долбоорлору боюнча корутунду тиешелүү органдан кайрылуу түшкөндө, ал конституциялык Мыйзамда белгиленген бардык талаптарга жооп бергенде жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген учурда гана берилиши мүмкүн» , — деп айтылат маалыматта.

Эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү үчүн кайрылуу укугу президентке, Жогорку Кеңешке таандык.

Көрсөтүлгөн себептерден улам чек ара маселелери боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлоруна корутундулар мурда сунушталган эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 17-ноябрда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамдар каралып жатканда Конституциялык соттун корутундусу сөзсүз керектигин айткан.

Ал парламент бул маселени Конституциялык соттун корутундусу жок талкуулап жатканы мыйзамсыз экенин билдирген.

«Жогорку Кеңештин регламентинин 65-беренесинин төртүнчү пунктунда, так, даана, кескин түрдө жазылып турат. Эл аралык келишимдин конституциялуулугу жөнүндө Конституциялык соттун корутундусу сөзсүз керек. Биз эл аралык келишимди карап жатабыз, чек ара маселесине байланыштуу эл аралык келишимди күндө эле карап жаткан жокпуз. Азыр эч кандай корутундусуз карап жатканыбыз — мыйзамсыз. Бул заман өтөт, башка бийлик келет, ошондо биздин айткандарыбыз миң пайыз чындык экени билинет. Бул — «колу-бутту бурап, тиешелүү чечимди кабыл алдырыш деп эсептелинет» , — деди Мадумаров.

Юстиция министри Аяз Баетов депутаттын суроосуна жооп берип жатып, ар бир мыйзам долбоору боюнча эле Конституциялык соттун корутундусу керек эмес экенин айткан.

«Ай сайын канчалаган эл аралык келишимдерди ратификациядан өткөрөсүңөр, ар бир мыйзам келгенде Конституциялык сот корутунду бербейт. Алардын мыйзамы боюнча, корутунду кайрылуу болгон учурда гана берилет деп айтылат» , — деди министр.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM