Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште аялдарга карата мамиле боюнча маселе көтөрүлдү

Кыска кабар | 17 Ноя 2022 | 411 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы акыркы күндөрү аялдарга карата орой мамиле жасалып жатканын айтып, президентти бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

Бул тууралуу ал парламенттин 17-ноябрдагы жыйынында айтты.

«Өзүңүзгө белгилүү болгондой, акыркы күндөрү аялдарга орой мамиле жасалып жатат. Менин сизге бир өтүнүчүм бар: аялдарга аяр мамиле кылууну талап кылыңыз. Мен жакшы түшүнөм, оппозиция, туура эмес маалымат берген журналисттер болушу мүмкүн. Бирок алар аял», — деди парламентарий.

Өлкө башчы Садыр Жапаров мыйзам баарына бирдей экенин, аялдар да жоопкерчиликти сезиши керектигин айтты.

Депутаттар Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрүүнү карап жатат.

Кыргызстанда өткөн айда «массалык башаламандык уюштурууга даярданды «деген шек менен ондогон саясатчы, укук коргоочу жана активисттер камакка алынган. Алардын ичинде аялдар да бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM