Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 18-ноябрда өлкө аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10;
Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +4…+9;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 суук, күндүз +8…+10 градус болот.