Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш «Азаттыктын» журналисттеринин аккредитациясын убактылуу токтотту

Кыска кабар | 16 Ноя 2022 | 350 | 0

Жогорку Кеңештин Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөө комиссиясы «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлерине берилген аккредитациялык ырастамаларды 17-ноябрдан тартып чакыртып алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирип, мындай чектөө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөнүнө байланыштуу кабыл алынганы менен түшүндүрдү.

Жогорку Кеңештин ишмердигин чагылдыруу үчүн журналисттер парламенттин маалымат кызматынан аккредитациялык ырастамаларды алат. Аны менен имаратка тоскоолдуксуз кирип, парламенттин ишмердигин чагылдырат.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» сайтынын ишин эки айга токтотуу чечимин чыгарган.

Мындай чара ушул жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар тууралуу Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, кастык маанайда колдонулган сөздөр, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар аныкталганы үчүн көрүлгөнү кабарланган.

Бул чечим коомчулукта кызуу талкуу жаратып, медиа эксперттер «Азаттыктын» сайтын эки айга жабуу чечимин артка кайтарууну талап кылышса, юристтер министрликтин бул кадамын мыйзамсыз деп аташкан.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай бул боюнча билдирүү жасап, министрлик атаган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM