Connect with us

Согушту айыптаган G20 саммити

Дүйнө , Саясат | 16 Ноя 2022 | 452 | 0

Индонезияда 15-ноябрда “чоң жыйырманын” саммити башталды. Анда дүйнөдөгү орчундуу маселелер, анын ичинде, Орусия менен Украинанын ортосундагы жагдай каралды. Жыйынга Орусиянын президенти Владимир Путин катыша албай турганын айтып, ордуна Тышкы иштер министри Сергей Лавров барды. Украинанын президенти Владимир Зеленский “чоң жыйырмага” кирбегени менен атайын чакыруу алып, сөз сүйлөдү.

Ушул күндөрү Бали аралында өтүп жаткан “чоң жыйырманын” саммити дүйнөлүк коомчулуктун кызыгуусунда турат. Анда негизги маселе катары дүйнөлүк экономикага сокку уруп жаткан согуштук аракеттерди токтотуу каралды. Бирок буга нааразы болуп, жыйындын декларациясын саясатташтырууга аракеттер көрүлгөнүн Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Саммитте дүйнөлүк экономикалык көйгөй, энергетикалык кризистин алды алуу чаралары, саламаттыкты сактоо маселелери каралат.

Бирок Лавров согуштук аракеттер күн тартибинде жок болгонуна карабай, ал темага токтолгонун айыптады.

“Сөз болуп жаткан декларация саммитте талкууланган бардык тармакты камтыйт. Анын ичине азык-түлүк коопсуздугу, энергетика, саламаттыкты сактоо жана санариптештирүү кирет. Албетте, биздин батыштык кесиптештер декларацияны саясатташтырууга аракет кылышты. Бул күн тартибинде каралбаган жана “чоң жыйырманын” компетенциясына кирбесе дагы, ушул темага ырас кайрылыш керек болуп жаткан болсо, адилеттүү кароого чакырдым. Декларациянын долбоорунда мүчө мамлекеттердин ортосунда бул тема боюнча пикирлерде айырмачылыктар бар экенин эске алуу керектигин айттым. Ал жердеги баяндамаларда ар кимдин ар түрдүү ой-пикирлери айтылды. Батыш көпчүлүк делегациялар Орусияны айыптаганын жазды, биз альтернативдүү пикирлер айтылганын жаздык. Бул жетиштүү болот деп эсептейбиз”, — деди Лавров журналисттерге берген маалыматында.

“Чоң жыйырма” саммитинин ачылышында жыйынга төргалык кылган Индонезиянын президенти Жоко Видодо саммиттин ачылышында дүйнө согуштук аракеттерди токтотуу керектигин, ал үчүн бардык лидерлер өз элинин жана дүйнө элинин алдында жоопкерчилик алышы керектигин айтты.

“Бул жерде баарыбызда өз элибиздин гана эмес, дүйнө элинин алдында жоопкерчилик жатат. Мындай кырдаалда жоопкерчиликтүү болуу – согушту токтотуу дегенди билдирет. Эгер согуш токтобосо, дүйнө алдыга жылуусу кыйын болот. Азыркы жана келечек муундун алдындагы жоопкерчилигибизди аткара албай калган болобуз. Биз дүйнөнү бөлүп албашыбыз зарыл. Кезектеги куралсыз согуштун башталышына жол бербешибиз керек”, — деп баштаган Индонезия президенти Жоко Видодо.

Саммиттин ачылышына чейин катышуучу мүчө мамлекеттердин делегациялары жеке жолугушууларды өткөргөн.

Анын катарында АКШнын президенти Жо Байден жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусу үч саатка узаган. “Медуза” Ак үйдүн билдирүүсүнө таянып, эки тараптуу жолугушууда басымдуу Украинадагы согуштук аракеттер тууралуу болгонун жазды. Натыйжада эки тарап тең Украинада ядролук курал колдонулушуна же колдонуу тууралуу коркутууларга каршы чыгышты.

Бул чоң жыйынга Орусия президенти Владимир Путиндин катышуусу күтүлүп жаткан. Бирок Кремль президенттин «Орусияда болуусу керектигине» байланыштуу катышпай турганын билдирди.

Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский буга чейин Орусия президенти катышкан бул жыйынга катышпай турганын айткан. Бирок Индонезия президенитинин расмий чакыруусунан кийин, видеобайланыш аркылуу кайрылуу жасады.

Зеленский өз сөзүндө бул согуш БУУ Уставына ылайык токтошу керектигин айтты.

“Мен Оруси агрессия менен баштаган бул согуштун адилетүү, эл аралык укуктар жана БУУнун Уставы боюнча бүтүшүн каалайм. Украинага абийир, суверендүүлүк, аймак жана эгемендүүлүк менен компромисске барууну сунуштоонун кереги жок. Биз сөзүбүзгө турган калкпыз, эрежелерди сыйлайбыз. Эгер Орусия бул согушту токтоткусу келсе, иш жүзүндө көрсөтүшү керек. Бирок, Орусиянын сөзүнө ишенүүгө болбой турганы белгилүү. Жана Орусия кол койгондон кийин дароо бузган эч кандай “Минск-3” келишими болбойт”, — деди Зеленский.

Ал ошондой эле Украинанын 10 беренеден турган сунушун айтып, дүйнө лидерлерин “тынчтык формуласын” ишке ашырууда көмөктөшүүгө чакырды.

Жыйырмалыктын саммити өтүп жаткан 15-ноябрда Орусия Украинанын энергосистемасына эң чоң сокку урду. Ушул эле учурда Польшанын Украина менен чектешкен аймагына да ракета түшүп, эки жараны набыт болгонун кабарлады.

Украинанын президенти Зеленский бул үчүн жоопкерчилик Орусияда экенин айтты. Бирок Орусия өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, “атайын уюштурулган” деп атады.

Буга байланыштуу “чоң жыйырманын” алкагында “чоң жети” чукул жыйынга чогулуп, кырдаалды талкуулады.

Ошентип, дүйнөнүн эң күчтүү экономикасына ээ болгон мамлекеттердин жыйыны басымдуу орус-украин чатагын талкуулоо менен өттү.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов мындай саммит дүйнөндөгү кубаттуу экономикага ээ болгон мамлекеттер геосаясатын аныктап кете турган стратегиялык аянтча экенин айтат. Мында өнүккөн мамлекеттер экономиканын багытын, экономикалык кризистин, орчундуу көйгөйлөрдү чечүүнүн механизмдерин талкуулап, позицияларын билдиришет.

Осмонбетов өнүгүп келаткан көп мамлекеттер жыйырмалыкка кирүү максатын коет деген пикири менен бөлүштү.

“Дүйнөлүк ИДПны карап көрсөк, 80 пайызы G20 уюмуна кирген мамлекеттерге туура келет. Ал эми Дүйнөлүк соода уюмунун 85 пайызы ушул өлкөлөрдө. Дагы башка тармактардан дагы эң кубаттуу өлкөлөр. Өнүгөбүз деген көп мамлекеттер G20 киребиз деп максат коюшат”

Эксперт мындай аянтчада кабыл алынган чечимдер дүйнөлүк экономикага таасир этип, өзгөрүүлөр болорун айтты. Дүйнөдөгү ар кандай кризисти ушул мамлекеттер чечет.

G20 уюму 1997-98-жылдары дүйнөлүк экономикага терс таасирин тийгизген Азиядагы финансылык кризистен кийин жаралып, алгачкы жыйыны 1999-жылы Берлин шаарында өткөн.

Глобалдуу маселелерди талкуулап, чечүү жолдорун издеген бул уюм жыл сайын жолугушуу уюштуруп турат. Уюмга мүчө өлкөлөр дүйнөнүн Ички дүң өндүрүмүнүн 84 пайызын түзөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM