Биз менен байланышыңыз

Төө-Ашууда кар калың жаап, бороон болууда

Кыска кабар | 16 Ноя 2022 | 197 | 0

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар калың жаап, бороон болууда. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кардын калыңдыгы 25 см чейин жетет. Жолдорду кардан тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтуруу иштери жүрүп жатат.

«Жолдун көрүнүшү начар. Бишкек-Ош унаа жолунун 132-136 тилкесинде өтүү бир гана Ош багытына жүргүзүлүүдө. Жеңил унаалар үчүн жол кыймылы татаал. Оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Аба ырайына байланыштуу ашуу аймактарына чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырып, кар чынжырчаларын алып жүрүүнү сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM