Биз менен байланышыңыз

Германиялык компания кыргызстандыктарды жумушка алууга кызыкдар

Кыска кабар | 16 Ноя 2022 | 194 | 0

Германиялык жер-жемиш өндүргөн компания кыргызстандык жарандарды жумушка алууга кызыкдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевдин компания жетекчиси менен жолугушуусунда маалым болду.

Германиянын Тюрингия федералдык аймагында жайгашкан кулпунай жана спаржаны ɵстүрүү, чогултуу жана сатуу боюнча «Erdbeerhof Gebesee GmbH» компаниясынын аткаруучу директору Андреа Лееферс 2023-жылы Кыргызстандан жумушчуларды сезондук жумушка тартууну сунуштаган.

«Текебаев элчилик Кыргызстандын жарандарын аталган компанияга ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди» , -деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

Германиялык компания жыл сайын жайында кулпунай жана спаржа чогултуу, сатуу боюнча жумушчуларды ишке тартат. Сезондук жумуш апрелден июлга чейин созулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM