Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Түнкүсүн кар жаайт

Кыска кабар | 16 Ноя 2022 | 262 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 17-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолордо кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жаан, тоолордо кар жаайт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз +2…+7;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6 суук, күндүз +4…+6 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM