Биз менен байланышыңыз

Жыйынга себепсиз келбей койгон депутаттардын айлыгы кесилет

Кыска кабар | 16 Ноя 2022 | 342 | 0

Ушул жумадан тарта парламентте депутаттардын тартибине өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 16-ноябрдагы жыйында айтты.

«Депутаттар, кечиресиздер, катталып коюп, ишке келбей жүргөндөр, себепсиз эле жумушка келбегендер бар. Ушунун баарын Эмгек кодексине ылайык, 8 сааттык иш тартибин толук текшерип, талап кылабыз. Жүйөсүз себептер менен, ар кандай шылтоолор менен жыйынга катышпаган депутаттардын эмгек маянасынан кадимкидей кыркабыз» , — деди төрага.

2021-жылы декабрда президент менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыктары бириктирилген. Тагыраагы, эки башкармалыктын кошмо базасы түзүлгөн.

Жарлыкка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарына кеткен чыгымдар азайтылып, кызматтык оклады төмөндөтүлгөн.

2015-жылы парламентте кыскартуулар болуп, депутаттар консультанттарынан, кызматтык автоунаалардан баш тарткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM