Биз менен байланышыңыз

Муфтият уюштурган умра сапарына алгачкы топ учуп кетти

Кыска кабар | 16 Ноя 2022 | 470 | 0

Муфтият тарабынан уюштурулган умра сапарына алгачкы 60 адамдан турган топ Ош эл аралык аэропортунан учуп кетти. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Зыяратчыларды үч ажы башчы жетектеп барууда.

Муфтият быйыл кичи ажылык сапарын уюштура баштады. Буга чейин жеке компаниялар жиберип келген. Кичи ажылыктын баасын муфтият 1 миң 350 АКШ доллар деп белгилеген.

Кыргызстанда Умра сапарын уюштуруп келген 30дан ашык туристтик компания бар. Мекке жана Мединаны жыл сайын 30 миңдей кыргызстандык умрачы зыярат кылат. Алардын көпчүлүгү декабрь-январь айларына туш келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM