Биз менен байланышыңыз

Азиза Абдирасуловага айып коюлуп, өзү кое берилди

Кыска кабар | 15 Ноя 2022 | 624 | 0

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Биринчи Май РИИБинен бошотулду. Бирок ага айып коюлганын өзү кабарлады.

Анын айтымында, Кылмыш-жаза кодексинин «Ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» беренеси боюнча айып коюлду. Сот отуруму эртең өтөт.

«Эми иш сотко өтөт. Менин кармалышым, жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маегиме байланыштуу деп эсептейм. Анда мен бийликти катуу сындагам. Ошондон кийин кечээ мага милиция кызматкери келип, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча материалдарды чыгарбагыла деп эскертти. Мен мындан ары да элдин укугун коргой берем», — деди Абдирасулова.

Бүгүн, 15-ноябрда укук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция кармап кеткен. Бир күн мурун ал фейсбуктагы баракчасына аны Ички иштер министрлигине сүйлөшүү үчүн чакырышканын жазган.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашуунун долбоорун карады. Ал ортодо бир топ жаран тынчтык митингине чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM