Биз менен байланышыңыз

Депутат Бекешев Азиза Абдирасуловадан кабар алды

Кыска кабар | 15 Ноя 2022 | 393 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев милиция кармап кеткен укук коргоочу Азиза Абдирасуловадан кабар алды. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Мындан туура бир жыл мурун 15-ноябрда Азиза Абдирасулова мени колдоп УКМКнын имаратына келген. Бүгүн аны кармашты, мен Биринчи май РИИБине келдим» , — деди депутат.

Азиза Абдирасулованы 15-ноябрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында чогулган элдин жанында отурганда милиция кармап кеткен. Ал Бишкектин Биринчи май райондук милициясына жеткирилген. Аны менен кошо укук коргоочу Сапарбек Аргымбаев да кармалган.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашуунун долбоорун карайт. Мунун алдын ала Ак үйдүн алдында Кемпир-Абад маселесине байланыштуу митинг өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM