Биз менен байланышыңыз

УКМК: 4 млн сомдук дары-дармек аткезчилик менен ташылганы аныкталды

Кыска кабар | 15 Ноя 2022 | 180 | 0

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 14-ноябрда «Чоң-Капка унаа жол» постунда Кыргызстандын жараны А.Б.А. нын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү 02 KG 314 ABR мамлекеттик номурлуу жүк ташуучу унаа кармалган.

Айдоочу көрсөткөн документтерде жүк үй буюмдары катары көрсөтүлгөн. Бирок унааны текшерүүдө тиешелүү уруксат кагаздары жана коштоочу документтери жок болгон болжол менен баасы 4 000 000 сомдон ашык дары-дармек жана башка товарлар табылган.

Бул факты боюнча салык төлөөдөн качуу түрүндөгү зыяндын өлчөмүн аныктоого багытталган сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM