Биз менен байланышыңыз

Мирзиёевдин кызы президент администрациясына жаңы кызматка дайындалды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Ноя 2022 | 502 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кызы Саида Мирзиёева Президент администрациясына жаңы кызматка барды. Бул тууралуу Мирзиёевдин басма сөз катчысы Шерзад Асадов жазды.

Маалыматта, Саида Мирзиёеванын жаңы кызматка дайындоо боюнча президенттин жарлыгы чыккан. Жарлыкка ылайык, Мирзиёева президенттин аппаратынын Коммуникациялар жана маалымат саясаты боюнча бөлүм башчы болду.

Бул кызмат жаңыдан түзүлүп, президенттин админстрациясы башчысынын коомчулуктун пикирин изилдөө жана маалымат саясаты боюнча орун басары болуп саналат. Ошондой эле социалдык, маданий жана билим берүү тармагындагы реформаларга да ушул бөлүм жооп берет.

Саида Мирзиёева учурда 34 жашта. Ал Ташкенттеги Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин жана Ташкент мамлекеттик юридикалык университетинин бүтүрүүчүсү. Магистрлик даражасын Москвадагы Ломоносов атындагы мамлекеттик университетинен алган.

Ал 2019-2020-жылдары Президент админстрациясына караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеген. 2020-жылдан баштап, азыркы күнгө чейин Улуттук масс-медианы колдоо жана өнүктүрүү фондунун башкаруучулар кеңешинин төрага орун басары кызматын аркалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM