Биз менен байланышыңыз

16-ноябрда жаан, кар жаайт

Кыска кабар | 15 Ноя 2022 | 266 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 16-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан нөшөрлөп жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3 +2, күндүз -1…+4;

Талас облусунда түнкүсүн -3… +2, күндүз 0…+5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1… +6, күндүз +3….+8,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +1…+6,

Бишкек шаарында 16-ноябрга караган түнү жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 0…+2 жылуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM