Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад тууралуу Өзбекстандын парламентинде эмнелер айтылды?

Саясат | 15 Ноя 2022 | 1161 | 0

Кечээ, 14-ноябрда Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу палатасында өкмөт башчы Абдулла Арипов кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участкалары боюнча келишимди ратификациялоого алып келди. Ал депутаттардын алдында сөз сүйлөп, Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда 35 участка боюнча же жалпы узундугу 302 км чек ара тилкеси боюнча жыйынтыктоочу келишимге жетишилгенин билдирди.

Өзбекстандын өкмөт башчысынын версиясы боюнча төмөнкү жерлер алмашууга сунушталган:

“70-жылдары Андижан суу сактагычы (ред. – Өзбекстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын аталышы Андижан суу сактагычы деп колдонулат) курулуп баштаганда, Өзбек ССРи тарабынан Кыргыз ССРине 4127 гектар жер компенсация катары берилген. Бирок, бул жерлер келтирилген зыянды толук жаппаганы үчүн, биз азыркы даярдаган документте кошумча 1019 гектар жерди компенсация кылып берип жатабыз. Анткени суу сактагычтын чөйчөгү 4127 гектар болгону менен, тереңдиги да бар.  Ал эми алар бизге суу сактагычты коргоо иштери үчүн 19 гектар жерин өткөрүп берет. Жогоруда айтып кеткендей, Андижан суу сактагычы курулуп жатканда, мындан 50 жыл мурдагы келишимде, өзбек тарап бизден 200 км ары турган кыргыз тараптын Бүргөндү массивине сууну жеткирип берүү үчүн, кеңдиги 4 метрди түзгөн канал салып берүү милдеттенмесин алган. Бирок, айрым себептерден улам, биринчи себеби эки советтик республиканын ортосундагы келишимди аткарууга борбордон (ред. – Москвадан) акча бөлүнгөн эмес. Ошентип канал курулбай, Кыргызстандын 8 миң гектардан ашык жери өздөштүрүлбөй калган. Демек, өз убагында курулбай калган каналдан алалбай калган жана келечекте да алалбай турган пайдасын компенсациялоо үчүн биз азыр ошол каналды куруп бере турган болсок, анда Өзбекстандын 20 айыл-кыштагы көчүрүлүшү керек. Мунун баары биздин жарандарга ыңгайсыздык жаратат. Себеби аталган канал биздин аймактан өтүп, анын маршрутун аныкташыбыз зарыл. Мындан сырткары 2000 гектар сугат жерибизден жарандар ажырайт. Анткени ал канал салынса жанында нейтралдуу зонага да жер бөлүшүбүз керек.  Мына ушунун баарын эске алганда, биз андан көрө орунга-орун алмашып, жайыт жер берүүнү чечтик. Гавасай аймагынан 12709 гектар жерди компенсация катары берүүнү сунуштадык. Албетте алар көп жерди сурашты. Бирок биз макул болбодук. Талашып-тартышып отуруп мына ушул цифраларга токтолдук.

Мындан сырткары дагы башка 10 участок боюнча 429 гектар алар бизге берип жатат, биз дагы аларга орунга-орун 290 гектар жерди берип жатабыз. Мына ушундай келишим. Берилип жаткан жердин баары суу сактагыч боюнча аткарылбай калган келишимдер үчүн компенсация. Биз аны акчага да салып эсептеп көрдүк. Акча жагынан аткарышыбыз кыйын болгон сумма чыгып кетип жатат”.

Өзбекстандын өкмөт  башчысы Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавы тууралуу да өзүнчө келишимге жетишилгенин, анда да Чечме суу булагын биргеликте пайдалануу боюнча сөз болгонун айтып өткөн. Өзбек парламентинин мыйзам чыгаруу палатасы жыйын соңунда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки келишимди ратификациялоо үчүн добуш берип, жыйынтыгында эки мыйзам долбоору тең үч окуудан колдоо тапты. 119 депутат колдоп, 6 депутат каршы добуш берген. Ал эми 3 адам “тарапсыз” деп добуш берсе, дагы 4 депутат добуш берүүдөн карманган.

Эми бул мыйзам долбоору Өзбекстандын Сенатына жиберилет.

Ал эми бүгүн, 15-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишим каралары айтылууда.

Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөттүк топтун жетекчиси, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Өзбекстан тарап компенсациялай турган жана алмашыла турган участоктор тууралуу буларга токтолгон:

  • Гавасай 12 872 миң гектар,
  • Көк-Серек 105 гектар,
  • Баястан 212 гектар,
  • Унгар-Тоо 35 гектар,
  • Кара-Белес 25 гектар,
  • Ак-Таш 100 гектар (Кара-Суу району),
  • Шарихан каналынын башталышынан 19,5 гектар (жерди эки тарап бири-бири менен алмашты).
  • Өзгөн жана Сузак райондорунда 1000 гектар.

Камчыбек Ташиев жогоруда аталган мурда талаш болуп келген жерлерди Кыргызстанга өткөрүп алуу менен Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер суунун астын Өзбекстанга өткөрүү пландалып жатканын билдирди.

Ал Кемпир-Абаддын эсебинен мурда талаш болуп турган жерлерди Кыргызстандын пайдасына чечүүгө мүмкүнчүлүк болуп жаткандыгын, бул мүмкүнчүлүктү колдонуп калыш керектигин белгиледи.

Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө ылайык, эки тарап бул чечимге кол койсо, анда Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга көбөйөт.

Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өткөндүгү үчүн,  анын ордуна жогоруда аталган Ош жана Жалал-Абад облустарынан жалпысынан 18 миң гектардан ашуун жер алынмай болууда.

Ошондой эле, Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айтты. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900гө түшүрүлөт. Анда 1246 гектар жер бошоп, аны кыргызстандык жергиликтүү тургундар колдонот. Эгерде келечекте суу сактагыч турган аймактагы суу агып кете турган болсо, анда ал жерге Өзбекстан ээлик кылып кала берет.

Турдакун Усубалиев: Кемпир-Абад суу сактагычынын тарыхы

Copyright © 2017 Maral FM