Биз менен байланышыңыз

Эмилбек Балтагулов Жалал-Абад облустук филармониясын башкарат

Кыска кабар | 15 Ноя 2022 | 346 | 0

Жала-Абад облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын директору болуп Эмилбек Балтагулов дайындалды. Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койду.

Эмилбек Балтагулов буга чейин Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын жетекчиси болгон.

Балтагулов 41 жашта. 1999-2004-жылдары Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин музыка бөлүмүн бүтүргөн.

2004-2007-жылдары Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде окутуучу болгон.

2010-2011-жылдары Чаткал районунун Терек-Сай айылынын маданият үйүнүн көркөм жетекчиси болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM