Биз менен байланышыңыз

Руслан Бекназаров өз каалоосу менен кызматын тапшырды (видео)

Кыска кабар | 14 Ноя 2022 | 351 | 0

Бишкек мэриясынын Свердлов административдик округу боюнча муниципалдык башкармалыгынын башчысынын орун басары Руслан Бекназаров кызматтан кетти. Бул тууралуу ал Фейсбуктан кайрылуу жасап, анда өз каалоосу менен кызматтан кетип жаткандыгын билдирди.

Саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров 2-нобярда үй камагына чыгарылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин «экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча айыпталган эле.

Бекназаров Бишкек мэриясынын Свердлов административдик округу боюнча муниципалдык башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын 2022-жылдын июнь айынан бери аркалап келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM