Биз менен байланышыңыз

Салык маселесине арналган биринчи улуттук форум өтөт

Кыска кабар | 14 Ноя 2022 | 271 | 0

16-ноябрда Бишкек шаарында салык темасына арналган биринчи улуттук форум өтөт. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана башка каалоочулар катыша алат. 

Форумда салык салууга байланышкан актуалдуу маселелер талкууланып, салык саясатын өркүндөтүү, калктын салыктык сабаттуулугун жана салык маданиятын жогорулатуу боюнча сунуштарды биргелешип иштеп чыгуу пландалган.

Мисалы, жаңы Салык кодексинин ишкерлер арасында активдүү талкууланган ченемдери, «СМАРТ салым» жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлору, тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жолдору талкууланат.

Форум президентинин администрациясы жана мамлекеттик салык кызматы тарабынан уюштурулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM