Биз менен байланышыңыз

Бишкекте телефонду кубаттай турган пауэрбенктер ижарага берилет

Кыска кабар | 14 Ноя 2022 | 407 | 0

Бишкек шаарында «Твой заряд» аталашындагы долбоор ишке киргизилди. Бул тууралуу аталган долбоордун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Долбоордун алкагында шаар ичинде 100дөн ашык түйүндө телефонду кубаттай турган пауэрбенктер ижарага берилет. Алдыда мындай түйүндөрдүн саны миңге чейин жетери кабарланды.

Жыл аягына чейин 4200дөн ашык пауэрбенк орнотуу пландалууда. Тургундар же туристтер өзүнө ыңгайлуу жерде пауэрбенкти ижарага алып, кайра өзүнө ылайыктуу станцияга таштап кете алат.

Пауэрбенктердин станциялары Бишкектин кафе, ресторандарга, банктарга жана башка коомдук жайларга орнотулууда.

Бул долбоордун алкагында мобилдик тиркеме иштелип чыкты, анын жардамы менен пауэрбенкты бир мүнөттөн аз убакытта ижарага алууга болот” , — деп айтылат маалыматта.

Телефонду кубаттагычтын ижара баалары:

5 мүнөт — бекер,
2 саат — 50 сом,
24 саат – 100 сом.

«Твой заряд» тиркемесин App Store жана Google Play аркылуу көчүрүу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM