Биз менен байланышыңыз

Президент айдоочулук күбөлүк берүү иштери катуу көзөмөлгө алынарын билдирди

Кыска кабар | 12 Ноя 2022 | 528 | 0

Президент Садыр Жапаров «Унаа» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад облусундагы филиалында айдоочулук күбөлүк берүү учурундагы коррупциялык иштер боюнча комментарий берди.

Ал Фейсбук баракчасына билдирүү жасап, “Унаа” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү, алардын иштөө ыкмасы оңолуп, жөнгө салынганча жеке көзөмөлүндө экенин билдирди.

Президент баарынан мурда айдоочулук күбөлү берүү жол-жобосуна өзгөчө көңүл буруу зарыл болуп турганын баса белгилеген.

«Айдоочулук күбөлүккө ээ болуунун адилеттүү жолу катары компьютердик экзамендер киргизилген. Ушуга байланыштуу дагы бир мисал, бир тууганымдын кызы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакка сегизинчи жолу кирейин деп даярдык көрүүдө. Бул эң туура жана кубаттоого арзый турган чечим деп эсептейм.

Андыктан, сиздерди дагы бул тармактагы чирип бараткан системаны жоюуга салым кошууга чакырып кетер элем.

Анткени компьютер аркылуу гана сынак тапшыруу керек деген талаптар болгонуна карабай, аны да айланып өтүү амалдарын көргөндөр болууда. Төмөндөгү сүрөттөр менен тасмада “Унаа” ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалында айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз берүүнүн айла-амалы кылып зымсыз “мышка”, дүрбүгө чейин колдонулганын көрүүгө болот. Алар терезеден шыкаалап, сынактагы жоопторду тууралап турушкан», — деп жазат Садыр Жапаров.

Өлкө башчы эми мурдагыдай тааныш-билиш, же акчанын күчүнө салып айдоочулук күбөлүк алууга жол берилбей тургандыгын айтып, мыйзам чегиндеги кескин жана катаал чаралар колдонуларын эскерткен.

«Кайсыл кызматкер прокуратуранын кайсыл кызматкерине чалганы, ким-кимге “крыша” болуп берем деп ишендиргенинен бери толук маалымат менде бар. Андыктан, акыркы жолу эскертем, мыйзамсыз иш-аракеттерге барууңарды токтоткула! Эртең анан туугандарыңар дагы “элдин баласы болчу” деп ыйламсырап чыкпасын», — деп кошумчалаган.

Төмөндө Жалал-Абад облусундагы «Унаа» ишканасынын филиалындагы коррупциялык элементтер үчүн түзүлгөн шарттардын сүрөтү:

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM