Connect with us

Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жана анын орун басары кармалды

Кыска кабар | 12 Ноя 2022 | 211 | 0

Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жана анын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.

Маалыматта Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун колдонуу менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыш ишине бөгөт коюлганы айтылат.

Бул кылмышта схема түзүүгө жана ишке ашырууга Сузак айыл аймагынын мурдагы башчысы Р.Х.М. жана анын орун басары Б.А. түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталды, — деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Алар жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча жасалма токтомдорду чыгарган. Бул адамдар жасалма документтерди берип, акча каражатын алып жаткан жеринен кармалышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгү (Документтердин жасалмасын жасоо) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM