Биз менен байланышыңыз

«Акыркы 50 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 25%ы эрип кеткен»

Кыска кабар | 12 Ноя 2022 | 256 | 0

Глобалдык жылуулук болуп жаткандыгына байланыштуу акыркы 50 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 25%ы эрип кеткен. Бул тууралуу президенттин администрациянын алдынадагы Реформаларды талдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов «Жашыл экономика — 2022» форумунда айтты.

Ал жашыл экономика аркылуу гана Кыргызстан мөңгүлөрүн сактап кала турганын айтты.

“Жашыл экономика — бул табигатка эч кандай зыян келтирбеген ишкердик. Биз ушундай экономиканы түзүшүбүз керек. Биздин табигатыбыз бизге гана эмес, коңшу өлкөлөргө да маанилүү. Себеби, Борбор Азия элинин жарымы биздин мөңгүлөрдөн аккан сууну ичишет. А биздин мөңгүлөр бүгүнкү күнү эрип жатат. Илимпоздордун айытмында, ушул кылымдын аягына чейин Кыргызстан 80% мөңгүсүн жоготушу ыктымал. Бул атмосферага уу заттарды чыгарып жаткан, начар экономиканын айынан, завод-фабрикалардын иштешинин натыйжасында глобалдык жылуулук болуп, мөңгүлөр ээрип жатат. Ошондуктан Кыргызстан жашыл экономика принциптерине өтүшү керек”, — деди бөлүм башчы.

Темиркулов президент Садыр Жапаров жашыл экономиканы толугу менен колдоп жатканын жана Кыргызстан тоулгу менен “жашыл экономика принциптерине” өтөрүн кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM